www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-апрелинде Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматында болду.
Сапардын жүрүшүндө Тоголез мамлекетинин башчысына Кыргыз Республикасынын бажы системасын реформалоонун жыйынтыктары тааныштырылды. Бул реформалар бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ачык-айкындуулукту жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Өзгөчө көңүл Мамлекеттик бажы кызматынын санариптештирүү тармагындагы жетишкендиктерине бурулду. Делегацияга негизги процесстерди автоматташтырууну камсыз кылган, «Бирдиктүү терезе» механизмин өнүктүргөн жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулаткан заманбап маалыматтык системалар көрсөтүлдү.
Белгиленгендей, бажы процесстерин санариптештирүүнүн натыйжасында 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылы автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 554%, ал эми бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 654% өстү. Бул жүргүзүлүп жаткан реформалардын жогорку натыйжалуулугун айкын көрсөтөт.
Ошондой эле МБКнын Кырдаалдык борбордун иши өзүнчө тааныштырылды. Бул борбордо өткөрүү пункттарындагы бардык процесстер онлайн режиминде көзөмөлдөнүп, агымдар талданып, ыкчам башкаруу чечимдери кабыл алынат.
Кырдаалдык борбордун иши жана санариптик көзөмөлдүн жетишилген деңгээли Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы жана коштоп жүргөн делегация тарабынан жогору бааланып, өзгөчө кызыгууну жаратты.
Тоголез тарап Мамлекеттик бажы кызматынын санариптик трансформациясынын жыйынтыктарын жогору баалап, Кыргызстандын тажрыйбасын изилдеп, ушуга окшош чечимдерди Тоголез Республикасында ишке киргизүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Сапардын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик системаларды модернизациялоо жана санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууну жана кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.