www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциясындагы сотторунда «Сот» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (АМТ) аркылуу кабарлоо тартиби пилоттук режимде иштей баштады. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев кол койду.
Эми соттук отурумдун күнү, убактысы жана орду жөнүндө билдирүүлөр процесстин катышуучуларына төмөнкүдөй тартипте автоматтык түрдө жөнөтүлөт: уюлдук телефонго СМС-билдирүү түрүндө жана электрондук почтага кат түрүндө.
Сотко жеке өзү кайрылган учурда, арыздануучу же анын өкүлү соттун кеңсесинде (канцеляриясында) байланыш телефон номерин жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен тил кат толтурат жана келген билдирүүлөрдү үзгүлтүксүз текшерип туруу милдеттенмесин алат.
Сотко аралыктан кайрылганда (почта аркылуу же үчүнчү жактар аркылуу), маалыматтар арыздын текстинен алынат. Соттук отурумдун катчысы жоопкердин же башка жактардын телефон номерлеринин тактыгын телефонограмма аркылуу тастыктайт. Номер тастыкталган соң, кийинки билдирүүлөр автоматтык түрдө жөнөтүлө баштайт.
Электрондук даректер жана телефон номерлери эми почта дареги сыяктуу эле юридикалык макамга ээ. Процесстин катышуучусу электрондук билдирүү жеткирилген учурдан тартып тийиштүү түрдө кабарланды деп эсептелет.
Расмий билдирүүлөр бир гана sot.kg доменинен келет.
Билдирүүдө тексттик маалымат гана (соттун аталышы, кабинеттин номери, күнү жана убактысы) камтылат. Электрондук билдирүүдө эч кандай шилтемелер болбойт.
Кабарлоо тутуму отурум болоор алдында автоматтык түрдө кайрадан эскертүү катарында келип, бул өз кезегинде тараптардын унутуп калуусунан улам процесстердин үзгүлтүккө учуроо тобокелдиктерин азайтат. «Сот» АМТны ишке киргизүү сот адилеттигинин ыкчамдыгын олуттуу жогорулатууга, почта чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле жарандык, административдик жана кылмыш иштери боюнча тараптарды кабарлоонун ачыктыгын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, соттук процесстин катышуучуларын электрондук кабарлоо боюнча инновациялык сервисти ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы №260 Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында жана сот тутумун санариптештирүүнү андан ары өнүктүрүү максатында жүзөгө ашырылууда.