www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун жашоочулары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун алар менен жолугушпаганына нааразы. Бул тууралуу видео «Сейчас.kg» Telegram каналында пайда болду.

«Биздин жоокерлер чек араны жана элди коргоо үчүн эмес, вице-премьер министр Бороновду коргоо үчүн келишкен. Ал эми Боронов аттуу жаран эл менен жолукпай, элдин көйгөйлөрүн укпай, Өзбекстандын министри менен макулдашуу үчүн бейтараптуулукка келген", - деп жазышат тургундар.

Эске салсак, Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кубатбек Боронов кечээ чек ара айылдарынын тургундарынын ортосунда чыккан жаңжал боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушат, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда жыйын өткөрөт.

Окуя эки айылдын тургундарынын ортосунда таш атышуу менен башталган. Тараптардын ар бири Чечма булагы өзүнө таандык деп эсепетешет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости