www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүндөй өмүрүн, талыкпаган мээнетин элдин тынчтыгына, коомдун коопсуздугуна арнаган, тажрыйбага бай инсандарыбыздын арасында  ИИМдин мурдагы министри Бакирдин Субанбеков дагы бар. Урматы улук, кадыры бийик, өтөгөн өмүр жолу кийинки муунга үлгү болчу замандашыбыз бүгүн да ЖКнын депутаты катары эл кызматында.

Тандаган кесибине, аткарган ишине берилгендик менен мамиле кылып, өрнөктүү жашоосунда зор ийгиликтерге жетише алган Бакирдин Жамалович күч структурасында катардагы милиция кызматкеринен ИИМдин министри, жөнөкөй старшинадан генерал-лейтенанттыкка чейин жетише алды.

Биз эл өкүлүнө жолугуп, бала чагы, басып өткөн жолу тууралуу саясаттан сырт баарлаштык. Андан сырткары ал   мурда орган тармагында иштеген адам катары милициянын бүгүнкү ишине баа берүү менен бул тармактын иши туурасында да айтып берди.

--Бакирдин Жамалович, маегибизди өмүр башатыңыздан баштасак, бейкапар балалык кездин элестери али да эсиңизден чыкпаса керек?

--Ал керемет учур өмүр бою эсиңде кала турган өмүрдүн керемет элестери да, анан кантип унутасың? Менин балалык бактылуу күндөрүм (мурдагы Калинин) азыркы Жайыл районунун (мурдагы Кызыл-Октябрь) азыркы Бекитай айылында өттү. Атам аябай эмгекчил, багбанчылыкты сүйгөн адам болчу. Раматылык атам 1992-жылы көзү өтүп кетти. Апам кадимки кыргыз аялдарындай өмүрүн балдарынын тарбиясына, билимине арнаган үй кожойкеси болчу. Биз сегиз бир тууганбыз. Мен балдардын экинчисимин. Ата-энебиз бизди эмгекке аябай үйрөттү. Картөшкө айдап, жүгөрү эгип, түшүмүн сатып, бармактайыбыздан эмгекке быштык. Мал-жандыктарыбыз дагы көп болчу. Атам комбайн айдап, жай бою эгин чапчу. Мени дайыма жардамчы катары жанына алып алар эле. 14 жашыман баштап эле атамдын жанында жүрүп, трактор айдап, комбайн чаап, түйшүккө такшалдым.

--Мектеп босогосунан тарта октябрят, пионер, комсомол өңдүү идеологиялык баскычтар, андан соң милдеттүү аскердик кызмат келечектеги максат кыялдарды туруктуу калыптандыруунун өбөлгөсү боло алгандыр?

--Биздин Кызыл-Октябрь айылында анда 4 жылдык башталгыч гана мектеп бар болчу. Сабактан кийин балдар менен чүкө ойнойбуз. Мугалимдин кадыр-баркын ушундан билиңиз, көчөдөн көрө калсак, чүкөлөрдү чогултуп, үйгө кире качабыз.  Балалыкты эстегенде ошол күндөр көз алдыма тартылат. Азыркыга караганда тартип-тарбия деген катуу эле. Улууну көрсөк, салам айтып, келсе орун бошотуп, тура калчубуз. Айылдын жашоосу кызыктуу, кезектешип кой кайтарабыз. Ата-энебиз: “Койдун кезүүсү келип калыптыр, эртең сабакка барбай эле кой” десе ушунчалык сүйүнчүбүз. 5-класстан баштап Талды-Булак орто мектебинде окудук. Эки айылдын ортосу 8 чакырым. Таң атпай алтыдагы автобусту күтүп, сабакка кетчүбүз. Мектепте өтө тентек эмес, мугалимдин айткандарын так аткарганга аракет кылган окуучу болдум. Анан кээде мугалимдер урушуп, сын айтып койсо ошону өзүмө аябай жакын кабыл алып, кетирген катамды оңдогонго аракет кылчумун. Мектепте октябрят, пионер, комсомол болүп жүрүп 1969-жылы мектепти ийгиликтүү аяктадым. Мектепти аяктагандан кийин районубузда “Автокалонна 2903” деген базага барып, шоопурдун алты айлык окуусун аяктадым. Аны бүткөндөн кийин Саратов шаарындагы авиациялык училищага тапшырып, бирок кулагымдагы себептерден улам кайра келүүгө туура келди. 1970-жылы Советтик Армияга чакырылып, Түштүк Сахалинге келип, танкисттердин окуусун алты ай окудум. Окуудан өткөндөн кийин Хабаровский шаарына келип, ал жакта 1,5 жыл кызмат өтөдүм. 

--Аскерде кандай кызыктуу окуяларга, кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

--Түштүк Сахалинскийге ноябрь айында келдик. Ошондо эле кар белден экен, негизи эле кар оор түшөт тура. Бул жактын абасына, жылуулугуна көнүп алган жаным тигил жактын катаал шартына көнүш чынында бир топ кыйын болду. Күнүгө таң атпай туруп, кар күрөөр элек. Андан кийин бир канча аралыкка чуркатып, көнүгүү жасатчу. Үч-төрт кыргыз балдар бар элек. Бардыгыбыз бири-бирибизди колдоп, аябай ынтымактуу болдук. Тилекке каршы экөөнүн көзү өтүп кетти. Бирок, биз ошондой кыйынчылыкка туруштук берип, бат эле көнүшүп кеттик. Анда азыркыдай мобилдик байланыш деген жок. Ата-энебизге жазган катыбыз эки ай дегенде жетет. Бул жакта эт-аш жеп көнүп калган жаныбыз этти сагынабыз. Аны катка жазчубузбу же өздөрү эле сезчүбү билбейм ата-энебиз бул жактан этти майга кууруп, салып жиберишчү. Ал посылка кайра эки айда бизге барчу. Бул жактан барган тамак-ашты украин, орус, кыргыз дебей ошол жердеги бардык балдар чогуу жейбиз. Алар биздин тамакка аябай суктанып, “дагы салып жиберишсе, чогуу жейли” деп тамшанып турушчу. Ушундай жылуу мамиле, ынтымак, биримдик менен кызмат өтөдүк. 

--Азыркы генерал-лейтенанттык  аскердик наамга жетишиңиз ошол аскердик тарбиянын таасиринен болсо керек?..

--Ооба. Убакытка так, тартипти сүйгөн адам экенимди байкаштыбы барганда эле командирлер мени ошол жердеги 120 балага старшина кылып коюшкан. Ошентип бир ротанын старшинасы болуп калдым. Ашканага тизилген бойдон күнүгө ырдап барабыз. Тартипти сактоо, устав менен иштөө, алты айлап окуган окуулар айтор ошол жактын тарбиясы бул жактагы ишиме сабак болуп, аябай эле жеңил болду. 1972-жылы армиядан келип, дароо эле ички иштер органынын жол кайгуул кызматына жумушка кирдим.

Орган тармагына кирип калышымдын дагы себеби бар. Армиядан кетерде мага “запастагы кенже лейтенант” деген  аскердик наамды ыйгарышты. Анын үстүнө эки жылда форма кийүү да мага көнүмүш адатка айланды. Мына ушул эки нерсе менин ИИМде иштеп калышыма себеп болду. Кенже лейтенанттыкты азыркы учурдан айырмаланып, ал кезде тартибиңе, армияда өтөгөн кызматыңа жараша беришчү. 

--ИИМдеги иш жолуңузду 1973-жылы ошол кездеги мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү инспектору болуу менен баштаптырсыз. 10 жыл бою аталган тармакта иштеп, ийне жибине дейре жакшы билесиз, бул аралыкта кызмат өтөөдө кандай кырдаалдарды баштан өткөрүп, эмне ийгиликтердин өтөсүнөн чыга алгансыз?

--Ооба, дароо эле 1973-жылы буйрук чыкты. Жол көзөмөлдөө жагында иштеп калдым. Ал учур менен азыркы убакты салыштырып болбойт. Анда азыркыдай транспорт көп эмес. Айдоочулар дагы тартипке өтө баш ийген, жол эрежелерин сактап, элдин маданияты да өтө эле жогору болчу. Эгер айдоочулар жол эрежесин бузса, токтотсок токточу. Ал тургай кечирим сурачу. Ал кезде айып пул деген жок. Эскертүү протоколу деген кичинекей удостоверение сыяктуу кагазын эреже бузган сайын белгилеп, кагазды тешип койчубуз. Мас абалында болсо протокол түзүп, айдоочулук күбөлүгүн алып койчубуз. Комиссиянын чечими менен айрымдарын айдоо укугунан ажыратылгандыктан,  жол эрежелерин сактаганга аракет кылышчу. 

--Бир убакта көчө боюнда туруп, тартипти көзөмөлгө алган учуруңуз азыр эсиңизге түшпөй койбосо керек. Кайсы окуяларды эстейсиз?

--Албетте эсимде. Бир курдай Сосновкада постто турсам “Жигули” автоунаасы токтобой кетти. Артынан кууганга туура келди. Жалгыз кубалап барып, алдын тороп токтоттум. Унаада мен курдай  22-23 жаштагы эки бала чыгып, таш алып мени ургулай башташты. 

Эмне кылаарымды билбей, жогоруда келе жаткан унааны токтотуп, жагдайды түшүндүрүп, жардам сурадым. Алар да экөө экен, тиги балдарды таш ыргыткандарын токтотуп, кепке келтиришти. Көрсө машинаны уурдап баратышыптыр. Ачык эле Беловодскийден уурдап, Өзбекстанга алып барып сатуу пландарын айтышты. Аны уккандан кийин баягы балдардын жардамы менен тиги ууруларды алып келип, Калинин РИИБге өткөрүп бергенбиз. Кийин ошол балдар соттолуп кетишти. Мына ушул сыяктуу окуялар эске түшөт. Эмнегедир мал уурдаган фактылар да көп катталчу. Бир жолу беш баш жылкы баласы Сокулуктан уурдалып, Казакстанга бараткан жеринен кармалды. Дал ошол учурда биз рейдде жүргөнбүз. Алар да качып, бир топ убара кылышканы эсимде. Бирок, биз Камышановкадан кармап, аларды да тергөө органдарына өткөрүп бергенбиз. 

--Азыркы учурда жол кайгуул кызматынын аталышы, ошол эле учурда тутуму дагы улам жаңыланып өзгөрүп жатат. Иш башатыңыздын башаты болгон ошол кызматтын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу маалыматыңыз кандай?

--Биздин убакка караганда азыр материалдык-техникалык абалы, байлынышы абдан жогорку деңгээлде. Ал кезде азыркыдай мобилдик телефон деген жок, рация деп коет, аба аркылуу толкун менен сүйлөшчүбүз. Азыр жол кыймылы өтө эле көбөйүп кетти. Айдоочулар жол эрежесин билбейт, аны моюндарына албайт. Милиция кызматкерлерине баш ийбейт. Мас абалында унаа айдаган жаштар көп. 

Кызматкерлердин даярдыгы, маданияты, этикасы тууралуу да коомчулукта ар кандай кептер айтылып жүрөт. Албетте күн сайын жаштар менен толукталып жатат. Эми алардын билим деңгээли, элге кылган мамилеси менин байкоомдо жакшы эле. Эл дагы аларга жакшы мамиле кылса, ортодо түшүнүү, урмат-сый болот деп ойлойм. 

--Эгемендиктен тарта РИИБдерде, ОИИБдерде жетекчилик кызматтарды аркаладыңыз. Ал кездеги кылмыштуулук, криминогендик абал кандай эле?

--Жол көзөмөлдөөчү инспектору болуп иштеп жүруп, сырттан Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетин аяктагам. Бүтөрүм менен азыркы Жайыл, мурунку Калинин районуна жолдомо менен тергөөчү кылып жиберишти. Тергөөчү болуп кызмат өтөп жүргөндө Москвадан ИИМдин Академиясында билим алып, окуп келдим. Келээрим менен Кара-Балта ШИИБсине жетекчи болдум. Азыр Жайыл району менен бирге го, анда Кара-Балта өзүнчө болчу. 

Андан кийин 1994-жылы Ош ОИИБге жиберди. Ал убакта Баткен облусу менен чогуу болчу. Ал жакка барганда кыйынчылыктар көп болду. Көйгөйлөр аябай эле арбын экен. Адегенде эле имараттардан баштадым. Себеби, отурган имараттардын абалы аябай эле начар экен. Облус жетекчилиги менен сүйлөшүп, имараттарды жаңыладым. Анан 1990-жылдагы Ош окуясында солгундап калган кыргыз-өзбек мамилесин оңдоого басым жасадым. Коңшулаш Фергана, Андижан, Наманган облустарына чейин барып, ИИБ жетекчилерин чакырып, мамиле түзгөнгө аракет кылып, чек арада чогуу иштерди алып барып жүрдүк. Кылмыштуулук менен жана ошол убакта күчөп жаткан нарко ишкерчилиги менен чогуу күрөшөлү, издөөдөгү кылмышкерлерди издөөдө бири-бирибизге жардам берели  деп биргеликте иш алып бардык. 

--2000-жылдардан тарта ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыктарын жетектегенсиз. Кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү опурталдуу кырдаалдар кыйгап өтпөгөндүр?

--Жогоруда айткандай ошол жылдары наркобизнес аябай олуттуу болуп, ал тургай бир канча кызматкерлердин да өмүрүн алып кеткен. Ошол себептен бизде наркобизнес менен күрөшүүчү атайын бөлүм да бар болчу. Андагы балдарда тыным жок болчу. Күнү-түнү иштеп, бул жаман нерсе менен күрөшүп жатышты. Россиянын кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп жаттык. Анткени, Кыргызстандан кеткен наркотик Казакстан аркылуу Россияга, андан ары Европага тарап жаткан. Ар бир кармалган факт боюнча “Ош жаңырыгы” гезитине маек берип жаттык. Анткени эл окусун, билсин, өсүп келе жаткан жаш уландар корксун, жаман жолго барышпасын деген максатта ушундай профилактикалык иштерди жүргүзүүнү ылайык көрдүк. Наркотиктин зыяны туурасында мектептерге барып лекцияларды окуп, алдын алуу иштерин өткөзчүбүз. Мындан сырткары мал уурулук да аябай көп болчу. Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондоруна чейин барып, рейддерди өткөрүп, мал уурулук кылмышына бөгөт койгонбуз. Ошондогу кызматкерлердин көбү азыр ардактуу эс алууда. Азыр жолуккан жерден ошол учурда дене тарбия иштерине жакшы көнүл бурулганын айтып калышат. Чын эле бардыгыбыз биригип, футбол ойноп, чуркап, самбо менен машыгып, ар бир бөлүмдүн ортосунда убагы менен мелдештерди өткөрүп турчубуз. Андан кийин Чүй облусуна которулуп келдим. Анда деле уюшкан кылмыштуу топ, мал уурулук күчөп турган. Мен келгенден кийин да ошол багытта план түзүп, атайын операцияларды жүргүзүп, бир топ кылмыштуу топтун ана башчыларын кармадык. Оштон алган иш тажрыйбабызды бул жакта колдондук. Кылмыш издөө башкармалыгын жетектеп турганда да тажрыйбалуу кызматкерлер менен бирге иштедим. Издөөдөгү, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү багытында бир топ операцияларды жүргүздүк. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, ал кезде деле айрым кызматкерлер биздин арабызда болгон маалыматтарды кылмышкерлерге жеткирип койгон учурлар болгон. Андайларды иликтеп, аныктап, кызматтан кетиргенбиз.

--Чүй-облусунан, ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыктарынан кийин сиз Ички иштер министри болуп келдиңиз.Ошол күндү эстесеңиз, кайсыл тараптан сунуш болду? 

--Ак эмгек баары бир бааланып, жерде калбайт экен. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын жетектеп турганда мени министрликке сунуштап жатышканын угуп калдым. Ишенип, маани деле берген жокмун. Бир күнү Президент кабыл алып, мага ишенич болуп жаткандыгын билдирип, иштеп кете алаарымды сурады. Мен “мени кайда жиберишсе, ошол багыттын ишин алып кеткенге даяр экенимди” айттым. Ага чейин Чүйдө иштеп турганда 1996-жылы генералдык аскер наамын ыйгарышкан. 1999-жылы Президенттин Жарлыгы менен “Даңк” медалын алгам. Министр болуп калышыма ошол иштер дагы себеп болуп кетти окшойт. 

--Министр болуп бекигенде, ишти эмнеден баштадыңыз?

--Алгач эле ишти коомчулук менен бирге иштешүүгө багыттап, андан сырткары ошол учурда күчөп турган уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүнү күчөттүм. Жаштар менен иш алып барган “Келечек” деген уюмду түздүм. 85 жылдык мааракеге карата ИИМдин музейин ачтык. Ага Өкмөт тараптан каражат деле бөлүнгөн эмес. Өзүбүз демөөрчү издеп, каражат таап, музейди салганбыз. Тарыхы жок эл болбойт эмеспи, байкасам ИИМдин музейи жок экен. Милициянын басып өткөн жолу, кыйынчылык күндөрүн кийинки жаштар билиши керек дедим да, ошол ишти жасаганга киришкем. Ал иштер үчүн азыр өзүмө өзүм ыраазы болом. Бүгүнкү күндө ал жакта ИИМдин тарыхы, басып өткөн жолу айтор бардык маалымат сакталып турат. 

--Ички иштер министри болуп турганда өлкөдө олуттуу ар кандай саясий кырдаалдар орун алган. Ал кырдаалдарда кандай чечимдер кабыл алынды? Ал чечимдердин натыйжасы кандай болду?

--Туура, чынында 2005-жылы абал курчуду. Бийлик башында А.Акаев туруп, Н.Танаев өкмөт башчы болчу. Оор күндөр көп болду. Анткени бул 2002-жылы Аксы окуясы башталып, ошондо мен кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеп тургам. Ошол окуянын уландысы уланып келе жатты. Аксыга өзүм 4-5 жолу барып, элге жолугуп жаттым. Элдин талабы Президентти кийинки шайлоого бардыртпоо болду. Ошентип абал курчуп отуруп 2005-жылы төңкөрүш орун алды. Мени менен иш алып барган ошол кездеги ИИМ кызматкерлерине абдан ыраазы болом. Саясий абал курчуп турса дагы бардыгы көнүлдөрүн чөгөрбөй, ишке олуттуу мамиле жасап, бири-бирибизди колдоп, абдан жакшы иштегенгенбиз. Бул иштер революциядан кийинки азыркы учурга чейин уланып келе жатат. 

--Ошол 2005-жылдары милицияга кол көтөрүүлөр болду. Ошол окуялар сизге министр катары кандай таасир берди?

--Ооба, эми көпчүлүктө ар кандай иштер болуп кетет экен да. Милиция кызматкерлерин таш менен урушту, таяк менен чабышты. Ошондой болсо да элге каршы ок атууга кызматкерлериме буйрук берген жокмун. Кан төгүүгө жол бербедим. Андан кийинки бийликтин тушунда кан төгүлүп, аягы кандай бүткөнү барыбызга маалым. Өз элиңе каршы курал колдонуу эч качан жакшылыкка алып келбейт. Бийлик тараптан деле мага курал колдонуу тууралуу буйрук болгон жок. Анткен күндө деле иш-чараны өзүм колго алышым керек болчу. Эл бийликке каршы агылып келе жатканда курал колдонгула деп буйрук берүү акылсыздык. Милиция эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болушу зарыл. Милиция деген бийликти коргой турган курал эмес, ал элдин тынчытыгын сактай турган эле орган. 

--Сиз 2016-жылдын 10-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында депутат болуп келесиз? Эл өкүлү катары кызмат өтөгөн жылдары эмнелердин өтөсүүнө чыга алдыңыз? Бүтүндөй өмүр жолуңузду арнаган милиция тармагына карата депутат катары кандай аракеттерди көрүп, эмне салым кошо алдыңыз?

--Парламентте бюджет каралып жаткан учурда дайыма милициянын көйгөйлөрун көтөрүп келем. Чындыгында милициянын иши оор, ошого жараша маяналарын көтөрбөсөк иштин жыйынтыгы жакшы болбойт. Коррупция деп күнөө коердон мурда алардын шартын түзүп, пайковыйларын, айлыктарын көтөрүп беришибиз керек деп дайыма көтөрүп жатып, ишимдин акыбети кайтты. Сунушумду Президент, Өкмөт колдоп милиция кызматкерлеринин пайковыйлары жана айлыгы 40 пайызга көтөрүлдү. Бул жакшы көрсөткүч. 

--Пандемияга карата өлкөбүздө эки айлык карантин жарыяланды. Мына ушул учурда милиция күнү-түнү кызмат кылды. Милициянын ушул кызматына кандай баа бересиз?

--Ооба, милиция кызматкерлери тикесинен тик туруп, өмүрлөрүн садага чаап иштешти. Ары-бери өткөндө алардын кызматына аябай ыраазы болуп, айрым учурда басып барып ыраазычылыгымды билдирип жаттым. Постто турган балдарга тамак-аш жагынан болсо да жардам кылдым. Анткени мен аларды жакшы түшүнөм. Мындай кырдаал менин да башыман өткөн. Күндүн ысыгында, суугунда былк этпей туруп, элдин кызыкчылыгын, коопсуздугун коргогонбуз. Андыктан мурунку министр катары алардын иши канчалык оор, татаал экенин жакшы билем. Аз да болсо менден салым болсун деп өткөндө Жайыл районунун тургундарына, дарыгерлерине жана өзүм иштеп кеткен Жайыл  РИИБине барып, медициналык маскадан, кол каптан таратып, тамак-аш жагынан жардам көрсөтүп келдим.

--Сөзүңүздүн акырында эркин микрофондо каалоо тилектериңизди айтаарсыз?

--Кыргыз милициясы түзүлгөн мезгил - кыргыз элинин башынан өткөргөн эң татаал учурга туш келген. Бир эле кыргыз эли үчүн эле эмес, бүтүндөй совет эли, мамлекет катары жаңыдан калыптанып жаткан кезде, анын калыптанышына өзгөчө ички коркунучтар сөзсүз таасирин тийгизбей койгон жок.

Ушундай эл башына иш түшүп, оорчулук келип турганда эл ичинен эр көкүрөк, тунук акыл, намыскөй уулдары чыга келет. Алар элинин жеңилин жерден, оорун колдон алышып, таянычы, коргоочусу болгонун тарых барактары айгинелейт.

Кыргыз милициясы, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө бир катар кыйынчылыктарга туш болгон.

Айрыкча, 1991-жылы мурдагы СССР жоюлуп, Кыргыз Республикасы өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болуп түптөлгөндөн баштап, ички иштер органдары да жаңылануу багытына түшүп, бир катар кыйынчылыктарды баштан кечирди.

Кыргыз милициясынын катарында ниети таза, кыраакы, кайраттуу, октон, оттон тартынбаган азаматтар иштешет. Алар кылмыштуулукка каршы күрөшүп, көкүрөгүн окко тосуп, от кечип жүрүшөт.

Милициянын ар кандай муундагы кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурунда баатырдыктын, эрдиктин жана кайраттуулуктун үлгүлөрүн көрсөтүп, ички иштер органынын тарыхында өздөрүнүн аттарын алтын тамгалар менен калтырышты. Аларга түбөлүк таазим жана урмат! Алардын ысымдарын жана эрдиктерин элибиз эч качан унутпайт!

Милиция элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдыңкы катарда туруп, ыкчам иштейт. Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам беришет. Кыргызстан эли милицияга ишенет жана ар дайым колдойт. 

Маектешкен Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости