www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу максатында «Антикино» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө шаардагы интернет-оюн залдары жана коомдук жайлар, анын ичинде сейил бактар текшерилди. Мындан тышкары, жайлардын ээлерине мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин негизинде 5 жаранга 5000 сомдон айып пул салынды.
Рейдге жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Баткен райондук прокуратурасынын кызматкери катышты.