www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң-Алай районунда мотоцикл жана скутер айдоочулары арасында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо, ылдамдыкты белгиленген чектен ашырбоо, бурулуш белгилерин өз убагында күйгүзүү жана коопсуз аралыкты сактоо зарылдыгын эскертишти.

Ошондой эле айдоочуларга мотошлем жана башка коргонуу каражаттарын колдонуу, түнкүсүн жарык чагылдыруучу элементтерди тагынуу, тиешелүү айдоочулук күбөлүк жана документтерди алып жүрүү талап кылынары айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мотошлемди колдонуу эрежесин бузган жана транспорт каражатын башкарууга укугу жок туруп мотоцикл же скутер айдаган 44 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Милиция кызматкерлери жол эрежелерин сактоо ар бир адамдын өмүрү жана коопсуздугу үчүн маанилүү экенин эскертишти.

Последние новости