www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облустук ички иштер башкармалыгында Баткен облустук прокуратурасынын сунуштамаларын кароого арналган кеңешме өттү.
Жыйынга облустук прокуратуранын, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтарынын, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө прокуратура тарабынан ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу фактыларын жоюу боюнча киргизилген сунуштамалар каралып, тиешелүү маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, кызматкерлерге Ички иштер министрлигинин 2026-жылдын 16-июлундагы №442 буйругу жана 2026-жылдын 5-июнундагы №81 мыйзамынын талаптары түшүндүрүлдү.
Жыйында аталган ченемдик укуктук актыларды иш жүзүндө туура колдонуу, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кеңешменин жыйынтыгында милиция кызматкерлерине мыйзам талаптарын так сактоо жана кызматтык милдеттерди мыйзам чегинде аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.