www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында жаштардын ортосунда мушташ чыгып, окуяга тиешеси бар 10го жакын жигит милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Чүй ОИИББдин маалыматына ылайык, 7-августтан 8-августка караган түнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы Береговая көчөсүндө жаштар топтолуп, мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын мушташып жатканын аныктаган.

Бул факты Жайыл РИИБде каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Окуяга катыштыгы бар 10го жакын жаш милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда мушташка катышкан башка адамдардын өздүгү жана окуяга тиешеси такталууда.

Материал боюнча мыйзам чегинде тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Последние новости