www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен мамлекеттик университетинин жана анын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүндө жылуулук системасы иштебей, билим алуучулар үчүн жетиштүү шартты түзбөгөнү, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы эскирип, талапка ылайык келтирбегени үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 4-декабрындагы № 1422/1 буйругунун негизинде Баткен мамлекеттик университетинин ишмердиги комиссия тарабынан текшерилген. Анын жыйынтыгында жогоруда келтирилген кемчиликтерден сырткары, окутуучулардын курамынын сапаты талапка жооп бербегени, билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн AVN маалыматтык системасын толук киргизилбегени, кесиптик жогорку билим берүү уюмунун чегинде бир адистик боюнча даярдоо түзүмдүк бөлүмчөлөрдө кайталанууга
(институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.у.с.) жол берилгендиги жана күндүзгү формада окуган студенттердин контингенти сырттан окуган студенттердин санынан аз болгондугу аныкталган.

БатМУда 5064 студент бар. Окутуучулардын саны – 167. Университетке караштуу кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1771 студент билим алышат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости