www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макао администрациясынын башчысы Хэ Ичен коронавирус оорусун жайылтпоо үчүн алдын ала шаардын бардык казинолорун эки жумага жабууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Макаонун коомдук транспортунда жүрүүдө да чек коюлат. Ошондой эле, шаардын бийлиги тургундарды үйүндө болууга, көчөгө тамак алууга гана чыгууга чакырды.

Макаодо жаңы коронавиурс оорусу менен ооруган 10 адам чыкканы белгилүү болгон.

Жакында эле Гонконгдун бийлиги коронавирустун жайылышынан улам, Кытай менен чектешкен көпчүлүк чек ара өтмөктөрүн жабуу чечимин кабыл алышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 20 000ге жетип, анын ичинен 425 киши каза тапты. Мындан сырткары, аталган вирус 20 өлкөгө тарап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости