www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стратегиялык маанидеги Барскоон – Бедел унаа жолун курууга 600дөн ашык адам жана 200дөн ашык атайын техника тартылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу болжол менен - 161 чакырымды түзөт.
Курулуш алкагында жаңы унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель жана кошумча инженердик курулмалар салынат. Иштер 2025-жылдын 26-августунда башталган, жалпы мөөнөтү 5 жыл. Негизги иштерди 2029-жылы аяктап, объектти 2030-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.
Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан транспорт министри Талантбек Солтобаев иштерди ылдамдатуу, сапатка өзгөчө көңүл буруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, бул ири стратегиялык долбоор Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.