www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдар укугун коргоо жана бакубаттуулугу жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар укуктарын коргоо системасын чыңдоого жана өлкөдөгү балдардын абалына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган 2026–2027-жылдарга социалдык саясат боюнча программалардын жылдык иш планына кол коюлду. 

Кызматташуунун алкагында балдардын абалына системалуу мониторинг жүргүзүүгө жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. 

Тараптар биргелешкен планды ишке ашыруу балдар укугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы балдардын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди чечүүгө комплекстүү мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берерин баса белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институту менен ЮНИСЕФтин ортосундагы ар бир балага толук кандуу өнүгүү, коргоо жана анын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Последние новости