www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бизде жазылган мыйзамдар иштебей эле, айрым калкка өтө зарылдары иштейт көрүнөт. 2 жылдан бери Дубайда иштеп жүрөм. Баламды жаныма алып кетейин десем, атасынын уруксаты жок чет өлкөгө чыгара албай жатам. Атасы болсо кайда экени белгисиз,туугандары чет өлкөдө дешет" - дейт атын атагысы келбеген "Тагдыр" рубрикасынын каарманы.

--Жолдошуңуз менен ажырашып жатканда баланын фамилиясы анда калды беле?

--Ооба, сот менен ажыраштык. Болгону 5 жыл жашадык. Ушул убакыт аралыгында бир топ кыйынчылыкты баштан өткөрдүк. Чет өлкөгө да барып иштеп көрдүк. Кеп акча-тыйында деле эмес экен. Бир үйгө батпай, ата-энелерибиздин кийлигише бергенинен ажырашып тындык.

Сотко арызды мен бердим. Күйөөм баланын фамилиясын бербей койду. Аны алыш үчүн аталыктан баш тартуусу керек экен. Ал баш тартпайм деп койгон. Мен ошол кезде чет өлкөгө барып иштейм, баланы алып кетем деп ойлобоптурмун. Ошол боюнча күйөөмдү көргөн жокмун.

--Дубайга кетүү чечимин качан кабыл алдыңыз?

--Ажырашкандан кийин катуу депрессия болдум. Жолдошум соттон "Балага жардам берем, өзүм каралашам" - деген.

Мен болсо баланы талаша берет, психикасын бузбайын деп алиментке арыз берген эмесмин. Негизи эле анын бир аз акчасын карап отургандан намыстангам. Бири-бирибизден катуу көңүлүбүз калгангабы, айтор такыр эле жолуккум келбей, биротоло жок болсун, алиментине да ыраазымын деп арыз бербей койгом.

Ошол сот болгондон бери мына туура 4 жыл өттү, атасы бир да жолу баланы издеп келген да, жардам да берген жок. А мен чет өлкөгө кетүү чечимин мындам 2 жыл мурда кабыл алгам. Алгач өзүм эле компаниялардын жардамы менен Дубайга ишке 6 айга кеттим. Келишимибиз бүткөндө башка ишке кирип, ошол жакта эле калып калгам. Балам ата-энемде калган. 2 жыл ичинде тилим толук жатыгып, иштин көзүн билип калдым. Баламды алып кетип эле иштегенге шарт болуп калды. Ошол жактан билим берип, жанымда алып жүрөйүн десем атасынан дайын жок. Өзүм издештирип, жакындарынан сурап жатып ага чалсам, тимеле өзү багып жүргөн немедей чет өлкөгө чыкканына кара-манча каршы болуп койду.

--Ал бакпаса, алимент төлөбөсө аталык укугунан ажыратуу тууралуу ойлогон жоксузбу?

--Качан эле бизде карапайым калктын маселеси ылдам чечиле калчу эле? Мен абдан нааразы болгонум, ал баланы таптакыр бакпаса деле, акча төлөбөсө деле аталык укугунан эч ким ажырата албайт экен. Ал өзү баладан баш тартканда гана бала толугу менен энесинин фамилиясын ала алат экен. Мен андан аталык укуктан ажырашын суранган жокмун, жөн гана чет өлкөгө кетүүсүнө, паспорт жасаганга гана уруксат сурасам ошону бербей жатпайбы.

Юристтерге аталган суроо менен кайрылсам, аталык укуктан ажыратуу абдан оор, көп чыгым болосуз дешти.

--Качан кетет элеңиз Дубайга?

--Октябрь айында кетмекмин. Бул жактан балам экөөбүз качан буту-бузга туруп, качан эл катары жашайт элек? Дубайда иш жеңил, анын үстүнө көнүп калдым. Баламды да ошол жактан окутсамбы дегем.

--Балаңыз канчада?

--Балам 6 жашта. Эмки жылы мектепке кириши керек. Менин эң эле ызалаганганым, бир тыйын бербеген атасына ушунча жалдырап жатканым. Бул маселе менен кимге кайрыла алам?

Сиздердин гезит аркылуу жооп алгым келет. Негизи ушул маселени жеңилдетсе жакшы болмок. Мага окшогон канчалаган энелер күкүк аталардын запкысын тартканы аз келгенсип, документ иштеринде да ушундай азап тартып жүрүшөт.
 

Булак: Фабула

Последние новости