www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-мартта Жайыл РИИБге 1989-жылы туулган Ш.Ы. арыз менен кайрылып, жарандык жолдошу 1991-жылы туулган Ю.Ф., аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арызда көрсөтүлгөндөй, ошол эле күнү үйүндө болгон учурда жолдошу ага карата физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөткөн.
Мындан тышкары, алардын 2008-жылы туулган жашы жетелек уулу А.Ч.ны уруп, башына сокку урган, натыйжада бала эс-учун жоготкон.
Алдын ала коюлган диагнозго ылайык, жашы жетелек А.Ч.да жабык баш мээ жаракаты, мээнин чайкалышы жана мүмкүн болгон мурун сөөктөрүнүн сыныгы аныкталган.
Бул факты боюнча Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 177-беренесинде (Үй-бүлөлүк зомбулук) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү - 1991-жылы туулган жаран Ю.Ф. аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы аялдарга жана жашы жете электерге карата агрессия жана зомбулуктун бардык көрүнүштөрү катуу түрдө токтотуларын, ал эми күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.