www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бала ырысы» жөлөкпулун чет өлкөдө төрөлгөн балдар үчүн кантип алуу керектигин түшүндүрөт.

Эгерде балаңыз Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары төрөлүп, «Түндүк» тиркемеси аркылуу «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыз бергенде ката чыгып жатса, анда балаңызга жеке идентификациялык номер (ЖИН) бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылбаган болушу мүмкүн.

лып, төмөнкү документтерди алып баруу керек:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы;
  • ата-энесинин биринин паспорту;
  • эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүк чет тилде болсо – анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.

Калкты тейлөө борборунда балага ЖИН ыйгарылып, ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылат. Андан кийин Эмгек министрлигинин адистери маалыматтарды системага киргизип, "Бала ырысы" жөлөк пулун тариздөөнү улантууга болот.

Эгер баланын Кыргызстандын жаранынын паспорту жок болсо, анда Кыргызстандын жарандыгына таандык экендиги тууралуу маалымкат алуу керек. Аны да Калкты тейлөө борборунан алууга болот.

Маалымкат 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат. Ошондуктан аны алдын ала алуу сунушталат.

Министрликтен белгилешкендей, эгер балаңыз чет өлкөдө төрөлгөн болсо, алдын ала анын ЖИНи бар же жок экенин текшерип коюңуз. Бул "Бала ырысы" жөлөк пулун дайындоодо мүмкүн болгон кечигүүлөрдүн алдын алат.

Последние новости