www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) 2012-жылы чыгарылган эки DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын өлкө аймагында мыйзамсыз биринчи мамлекеттик каттоодон өткөн фактысын аныктады.
Текшерүү учурунда транспорт каражаттары Россия Федерациясынан сатылып алынган деген документтердин негизинде каттоого алынганы белгилүү болгон.
Бирок РФтин компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, аталган автоунаалар бажылык тариздөөдөн өткөн эмес, ошондой эле Россиянын ИИМ системасында катталбаганы жана каттоодон чыгарылбаганы аныкталган.
Анын натыйжасында эки транспорт каражаты боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 3 109 932 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча материалдар КР мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү.