www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо КНСтен бошотуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз колдонуу фактысын аныкташты.

Маалыматка ылайык, «Н.В.С.О.» компаниясы дары-дармек каражаттарын ташып келүүдө салык жеңилдигин колдонгон, бирок товарлар жеңилдик берилүүчү дары-дармектердин тизмесине дал келбегени белгилүү болгон.

Тактап айтканда, айрым дары каражаттары эриткич (лидокаин) менен кошо импорттолуп, бул алардын чыгарылыш формасын өзгөртүп, жеңилдик колдонууга жол бербейт.

Натыйжада мыйзамсыз колдонулган салык жеңилдигинин суммасы 1,2 млн сомдон ашкан.

Аталган факты боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, бюджетке 1 303 558 сом түшүрүлдү.

Последние новости