www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан айыл чарба жарманкесине барып, анда коюлган азык-түлүк товарларынын баалары менен таанышты.
Жарманкени кыдыруу учурунда министр жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен баарлашып, алардын учурдагы ишмердүүлүгү, көйгөйлөрү жана сунуштары тууралуу маалымат алды. Өзгөчө эт азыктарынын баасына көңүл бурулуп, жарманкеде эттин килограммы 600–680 сомдон сатылып жаткандыгы белгиленди.
Журналисттерге берген маегинде Бакыт Төрөбаев жарманкелерди үзгүлтүксүз өткөрүү ички рыноктогу бааларды турукташтырууда маанилүү роль ойноп жатканын белгиледи.
«Мындай жарманкелер ортомчуларсыз, түздөн-түз өндүрүшчүлөрдөн калкка товар жеткирүүгө шарт түзүп, базардагы баанын өсүшүн ооздуктоого реалдуу таасир берүүдө», – деди министр.
Мындан тышкары, министр эт багытындагы кой чарбачылыгын өнүктүрүү максатында фермерлерге тоют багытында жер бөлүп берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев түз видео байланыш аркылуу аймактарда уюштурулуп жаткан жарманкелердин жүрүшү менен да таанышты. Райондук жана жергиликтүү жетекчилерге азык-түлүк бааларын туруктуу кармоо, жарманкелерди өткөрүүчү жайларды иретке келтирүү жана соодагерлер менен калк үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Министрлик мындан ары да айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо, калкты жеткиликтүү баада сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасын көзөмөлдөө багытындагы иштерди уланта берерин белгиледи.