www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 22-январында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Төрөбаев фермерлерди жеке кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Белгиленгендей, жарандар министрликке караштуу коомдук кабылдама аркылуу алдын ала катталып, бекитилген графикке ылайык кабыл алууга келишкен. Бүгүнкү күн министрдин жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жүргүзүлдү.

Жолугушууга министрдин орун басарлары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген фермерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Кабыл алуунун жүрүшүндө фермерлер салык салуу маселелери боюнча кайрылышып, учурда айрым салык эсептөөлөрүндө көйгөйлөр жаралып жатканын билдиришти. Алар салыктык жүктү карап чыгуу жана мыйзам чегинде жеңилдиктерди колдонуу маселесин көтөрүштү.

Министр Бакыт Төрөбаев фермерлердин кайрылууларын кунт коюп угуп, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу жана терең изилдеп чыгуу, ошондой эле мыйзамдын алкагында кайра карап чыгуу боюнча тиешелүү сунуштарды даярдоо тапшырмасын берди.

Министр фермерлерди колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө тоскоолдук жараткан маселелерди чечүү багытында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер улантыларын айтты.

 

Последние новости