www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жааган карга байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы кар тазалоо боюнча пландуу иштерди баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ишкананын базасына Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев келди. Шаар башчысы аймакты кыдырып чыгып, техникалардын жана ишкананын кызматкерлеринин даярдыгын текшерди. Бул жерде атайын техникалардын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген автоматташтырылган башкаруу системасы иштейт.

Мэр «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертип, шаар көчөлөрүн жана тротуарларды активдүү тазалоону тапшырды.

Кар тазалоо иштери сутка бою жүргүзүлөт.

Муз тоңуп калбашы үчүн жолдорго тайгаланууга каршы материалдарды себүү иштери башталды. Көчө-жол тармактарын жана тротуарларды тазалоо иштери учурда жүрүп жатат.

Иштерге жалпысынан 95 даана атайын техника тартылган:

* 47 жол машиналары (КДМ)
* 3 фронталдык жүктөгүч
* 3 лапалуу жүктөгүч
* 3 универсалдуу коммуналдык машина (УКМ)
* Тротуарларды тазалоо үчүн 34 трактор
* 5 даана Bobcat техникасы

 «Тазалык» Миси шаар тургундарын жолдордо этият болууга жана мүмкүн болушунча унааларды жол жээгине токтотпоого чакырат, анткени бул атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

 

 

Последние новости