www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин буйругуна ылайык милициянын полковниги Нарчаев Бактыбек Нарбаевич Талас ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
Бүгүн, 12-ноябрда ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жаңы дайындалган башчыны өздүк курамга тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле өздүк курамды шайлоонун үгүт иштерине аралашпоону жана коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болууну эскертип, кызматтык милдеттерин так аткарууга чакырды.
Бактыбек Нарчаев ички иштер органдарында 1993-жылдан бери кызмат өтөп, ыкчам кызматтарда иштеген. Буга чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын ээлеген.
Белгилей кетсек Талас ОИИБдин мурдагы башчысы Азенбек Козукеев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган.