www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК жетекчилиги тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча коюлган тапшырмалардын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси-аким (Талас облусунун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы) А.Б.М. жана КР ӨКМдин алдындагы Токой кызматынын Талас токой чарбасынын директору - А.Н.Ж. жана башка кызмат адамдары тарабынан КР мыйзамдарынын талаптарын системалуу түрдө одоно бузуу фактылары аныкталды.

Жогоруда айтылган кызмат адамдары 2022-2023-жылдар аралыгында алдын ала сүйлөшүп алып, Таласка баруучу борбордук кире бериш жолунун боюнда жайгашкан жер тилкелерин эс алуу максатында мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мамлекеттик токой фондуна таандык бул тилкелер жарандар М.Н.И.ге (3,2 гектар), К.у.Ч.га (3 гектар), А.Г.А.га (Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын аялы) (2 гектар) жана С.М.Т.га (1,2 гектар) бөлүнүп берилип, ал жерде туруктуу эс алуу жайлары курулган.

Жер тилкелери милдеттүү түрдө токой чыгымдарын эсептебестен жана төлөбөстөн, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун албастан, кадастрдык органдарда мамлекеттик каттоодон өтпөстөн (б.а., кыймылсыз мүлк объектилерине идентификациялык коддорду бербестен) архитектура жана шаар куруу органдарында тиешелүү каттоодон өтпөстөн берилген. Натыйжада, токой жоготуулары үчүн төлөм төлөөдөн качуудан келтирилген зыяндын өзү эле 23 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, 2024-жылы аким А.Б.М. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуп, тиешелүү уруксаттардын жоктугуна карабастан, кызматтын кызыкчылыктарына каршы иш-аракет кылып, Ак-Дөбө айыл аймагынын, Бакай-Ата районунун мурдагы депутаты - С.И.А. жана Ак-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы - Б.О.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп, Бакай-Ата районунда 475 «мырза теректи» кыюуга уруксат берген, натыйжада мамлекетке 5 млн. 310 миң 505 сом зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Б.М. жана А.Н.Ж. аттуу кызмат адамдары кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости