www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Бексултан Жакиевдин 90 жылдык мааракесине карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт.

Бул ири маданий иш-чара кыргыз жана казак элдеринин төкмөлүк өнөрүн даңазалап, эки элдин маданий байланыштарын чыңдоону максат кылат. Айтыш үч баскычта уюштурулат: тандоо, республикалык жана эл аралык турлар.

Тандоо туру 2-май күнү саат 10:00дө Кыргыз улуттук Манас театрында өтүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген акындар катышат. Калыстардын чечими менен эң жогорку упай алган 12 акын республикалык турга жолдомо алышат.

Республикалык тур 11-майда саат 17:00дө ошол эле театрда өтөт. Бул этапта мыкты деп табылган 5 акын финалдык — эл аралык турга чыгат.

Эл аралык айтыш 16-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Финалда 5 кыргыз жана 5 казак акыны таймашып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги сөз өнөрүн тартуулашат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында комузчулардын күү айтышы жана дастанчылардын чыгармалары сунушталат.

Айтыштын жалпы байге фонду 
3 000 000 сомду түзөт.

Последние новости