www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байлар менен кедейлердин айрымасы

Омар Хайямдан сурашты:
-Эмне үчүн кедей жашагандар, бай адамдарга караганда ак көңүл болушат,ал эми кээ бир байлар болсо өзү менен өзү болуп эле жүрө беришет?
-Сен мобу айнектин сыртын карачы, эмнени көрүп турасың?
-Эшикте балдар ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр.
-Эми бул күзгүдөн карачы, эмнени көрүп жатасын?
-Өзүмдү гана көрүп турам.
-Көрдүңбү, бул экоөөсү тең эле айнектен жасалган нерселер.Бирок, бирөөсүнүн артына бирааз эле күмүш сүртүп койгону үчүн сен ал жерден өзүңдү гана көрүп калдың.
Адам баласы да өз жашоо чыйырында колуна биртке акча тийгенде көзүн «май басып», заматта кечээ эле көңүл бурган адамдардан жүзүн буруп, өзүнөн башка өзгөнү көзгө илбей калаары абдан аянычтуу көрүнүш.
Албетте баардык эле байлар мерез дегенден алыспыз, турмушта кедей текеберлерди да көрүп эле жүрөбүз.
Жараткан берекелүү адал ырыскы жана жоомарт жүрөк насип этсин!

Нуриет Абдулазиз, NazarNews.kg

Последние новости