www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. 

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй: жумуртка – 1,6 %, картошка – 0,7 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,5 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,5 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1 – %га жогоруласа, ал эми баш пияз – 0,5 % га төмөндөгөнү байкалды.

Казакстан Республикасында баалар төмөнкүдөй: кой эти (сулп этинен башкасы) – 12,5 %, сабиз – 10,6 %, макарон азыктары (спагетти) – 3,5 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 3,2 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,4 %, жумуртка – 0,5 %, күрүч – 0,4 %, картошка – 0,2 %га жогоруласа, ал эми баш пияз – 1,5 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,8 %га төмөндөгөнү байкалды.  

Россия Федерациясында баалар төмөнкүдөй: сабиз – 2 %, жумуртка – 1,4 %,уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,6 %, кой эти (сулп этинен башкасы)
 – 0,5 %, кум-шекер – 0,5 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,3 %, макарон азыктары (вермишель) – 0,2 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 0,2 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,2 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,2 %, күрүч – 0,1 %га жогорулаганы байкалды. 

 

Последние новости