www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачык эле Зеленскийди өтө уяты жок адамга теңегендер чыкты. Пентагондун башчысынын кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор Владимир Зеленскийдин Украинаны каржылоо өтүнүчтөрү уятсыздык деп жазды X социалдык тармагына. Полковник Дуглас Макгрегордун айткандарын бир тамгасын бурбай которуп көрөлү: "Зеленскийдин жүрүм-туруму жийиркеничтүү. Ал он миңдеген мекендештерин өлүмгө жөнөттү. Бир нече мүнөт сайын ал оозун ачып, АКШдан дагы миллиард доллар сурайт, бизде акчаларыбыз кайда кетип жатканын байкоого мүмкүнчүлүк жок. Бул уят" деди. Дуглас Макгрегор Киевди каржылоого жана аскерий техниканы жөнөтүүгө каршы оюн бир нече жолу айткан.

Москва Батыштын аскерий жардамы Украина үчүн жакшылык алып келбей турганын жана жаңжалды гана узартып жатканын, ал эми курал-жарак менен ташуу орус армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланып жатканын бир нече жолу билдирген.

НАТОнун курамына кирген өлкөлөр Украинага убада кылынган жардамдын 98 пайызын берип бүткөнү маалым болду. Бул туурасында Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель менен бирге берген маалымат жыйынында: "Украинага убада кылынган аскер машиналарынын 98 пайызы берилди", — деп билдирген. 

Столтенбергдин маалыматына караганда, 1 550 автоунаа, 230 танка жана оңбогондой көп ок-дары жиберилген. Башкы катчы НАТО даярдыкты соңуна чыгарып Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тогуздан ашык бригадасын курал менен жабдыганын айтты.

Украинага курал-жарак, ок-дары берип жаткандардын ана башында Америка турат. Жозеф Байден АКШнын президенти болгон 2021-жылдын январынан бери Вашингтон Киевге 35,8 миллиард долларлык аскерий жардам көрсөткөн. Учурда мурдагыдай шайы жок экени айтылды. Бул боюнча Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер брифингде Киевди узак убакыт жөлөп-таяганга АКШнын акчасы жоктугун айтты. Анда ал: "Алар Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын жапканга жетет, бирок бул узак мөөнөттүү чечим эмес",— деген.

АКШдан кийин эле курал жагынан көмөктөшүп Улуу Британия келе жатат. Бирок Британиянын Киевге берчү курал-жарагы түгөнгөнүн Telegraph гезитине атын атабаган жогорку даражалуу аскер адамы кабарлаганын РИА Новости жарыялады. Андагы маалыматта: "Биз мүмкүнчүлүгүбүз жеткен жардамдын баарын берип бүттүк. Украинага техника жеткирүүнү улантабыз, бирок азыр аларга ПВО, артиллерия ок-дарылары керек. Алар бизде калган жок", — деп айтылат.

Ал эми жакында эле Польшанын президенти Анджей Дуда өлкөсү Украинага курал берүү боюнча (көлөмүн алганда) дүйнөдөгү үчүнчү өлкө болуп калганын жар салды. Арийне, жалпысынан алганда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында альянс өлкөлөрү Украинага 65 миллиард доллардан ашык суммада аскердик жардам көрсөткөн.

Мындан улам, Орусия НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип, НАТО от менен ойноп жаткандыгын айткан. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.

Айтмакчы, Батыштын Киевге берген курал-жарагы уюшкан кылмыштуу топтордун арсеналын толуктап, Европа жана Африка мамлекеттеринде пайда боло баштаганы тууралуу коңгуроо кагылды. Бул туурасында Орусиянын аталган уюмдагы өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Ал бул тууралуу: "Орусия мурдатан эле Киев бийлигинин "оозу-мурдунан чыгарып" берген курал мыйзамсыз рынокко түшүп, уюшкан кылмыштуу топтор менен террорчулардын колуна тиерин айтып келген. Эми бул нерсе фактылар менен бекемделе баштады. Муну африкалык өлкөлөрдүн жетекчилеринин билдирүүсүнөн угуп жатасыңар", — деп белгиледи. Мындай кооптуулуктун ырас экенин "Германиянын альтернативасы" деп аталган партиянын бундестагдагы депутаты Штеффен Котре дагы айтты. 

Депутат өз сөзүндө: "Украинадан курал-жарак, ок-дары, жарылуучу каражаттардын Европа биримдигине жана Германияга түшүп калышы боюнча олуттуу кооптуулук бар экендигин өкмөт өзү айтып жатат", — деп билдирип, Германия берилген куралдардын кайра кайтарылышы боюнча механизмдерди түзүү жаатында Киев менен сүйлөшүүгө эч кандай кадам жасабай жатканын белгилеген. 

Котре Берлиндин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам куралдардын террорчулардын колуна түшүп, андан соң ЕБ мамлекеттеринде колдонулуп кетүүсүнөн чочулап жатканын кошумчалаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости