www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

50.

Чойбектин бак –даражасы сынчы сындагандай. Анын карачечекей иниси Мырзабекке ооп, ал болуштукка шайланган. Дыйкан болушту конокко чакырган ушул Чаектин болушу Мырзабек. Ошол окуядан көп узабай сынчы сынап кеткендей Чойбек болуш жаман иштерге кириптер болот. Анын Жалал –Абадда жашаган Абдрахман деген соодагер сарт досу болгон. “Күзгө чейин миң сом карыз берип тур, акчанын ордуна мен миң кой берем”-деп кат жазып, Абдрахман деген соодагер сарт досуна атайы киши жиберет. Ал мезгилде бир койдун баасы бир сом экен. Абдрахман деген соодагер досу Чойбектин  өтүнүчүн аткарып. “Чойбек сенин катыңа жооп кылдым. Сага миң кой жөнөттүм” –деген жооп катын жазат. ”Миң кой” дегени, сага миң сом бердим дегени экен.

Чойбектин Жалал –Абадка жумшаган жигити кайтып келатканда Суусамырдан, кайын-каскагынабы, айтор, сааттай болуп, ага жолдон Түркмөн болуш жолугуп калат.

  • Каяктан келатасың?
  • Жалал-Абаддан.
  • Эмнеге бардың эле?
  • Чойбек болуш Абдрахман деген соодагер сарт досуна жиберген. Андан миң сом алып, ордуна миң кой бермек болду.
  • Койчу, Чойбек кантип эле ошол сартка миң кой бере койсун? –дейт Түркмөн.

Алакөөдөн жигит мактанып, чөнтөгүнөн сууруп чыгып, Абдрахмандын жооп катын көрсөтөт.Түркмөн болуш катты окуп жатканда, алиги жигит атына чуркап кетет. Түркмөн болуш арабча сабаттуу киши экен “кой” деген сөздү “й” ды “л” кылып,“кол” деген сөзгө оңдоп салат. “Чойбек сенин катыңа жооп кылдым. Сага миң кол жөнөттүм”- деген жооп болуп калат.

Чойбек болуш Абдрахмандын катын дааналап окубай эле, сандыкка каттырып койгондугун Түркмөн болуш жанагы жигиттен чекмелеп сурап, билип алат. Чойбек болуш менен тирешип жүргөн, айлакер Түркмөн болуш: “Чаектин болушу Чойбек ак падышага каршы чыгып, көтөрүлүшкө кол топтоп жатат. Ушул максатта Жалал –Абаддагы шерттешкендер менен байланыш түзүп кол сурады” кыязында ойозго чагым салып, арыз жазат. Ошол мезгилде Анжиян, Ферганада көтөрүлүшкө чыккандар камалып, жөн гана жалаа жабылган Токтогул Сатылганов Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан деп Шиберге айдалган. Мындан чоочулап турган ойоздун чоңдору Чойбек болуштукуна текшерүү жиберет. Текшере тургандарды Чойбектин үйүнө Түркмөн болуш өзү ээрчитип келет. Чойбек болуштун жамандык менен иши жок. Дайымкысындай жаркылдап күлүп, конок камын жейт. Бир гана көптөн кекээрлешип келбей жүргөн Түркмөн болуштун көктөн түшкөнсүп, өзү келип калганына таң калат. Бир сыйра чай ичилген соң, текшергени келгендер баягы катты сурашат.Чойбектин байбичеси чач учтугуна байланган сандыктын ачкычын чечип, сандыктын кулпусун ачып, катты алып чыкты.

“Чойбек сенин катыңа жооп кылдым. Сага миң кол жөнөттүм” –деген кат чыкты. Чойбек болуштун жылдызы көктөн тайып, заманасы куурулат.

Бул кат колуна тийген ойоздун кишилери аркылуу сурак башталат. Миң кол чогулбаганын, Чойбектин көтөрүлүшкө камылгасы жок экенин көрүп билишсе да ойоздун кишилери “шектүү” деген бүтүм чыгарышат. Чойбекти Пишпекке алып келип камашып, бир айдан соң аны бейкүнөө жалаа менен эки жыл мөөнөткө Шиберге сүргүнгө айдап жиберет.

Сүргүндө сүрүлүп жүрүп, эки жылдан соң, нечендеген азап –тозокту көрүп, Чойбек эли –жерине эсен –аман кайтып келет. Бирок, көргүлүктү көрүп жүрүп, азапты аштай тарткан Чойбек манап көкүрөк оорулуу болуп, айдоодон кутулуп келгенден көп өтпөй, далайга кан түкүрүп жатып, жарык дүйнө менен коштошот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости