www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинде күз киргенден баштап кызматтык өзгөрүүлөр болууда. Кызматынан түшкөн Каныбек Иманалиевдин ордуна Батыш дегенде башын баткакка тыгып, кош колдоп кубаттаган Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Күз башталгандан бери андан тышкары да  эки-үч министр ордуларынан томкорулду. Бул көрсөтмө сыяктуу болуп калды, себеби министрлерди алмаштырууда кызматтык синдрому эмес, тааныштык синдрому биринчи орунга коюлгандай. Көпчүлүк министрлер «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деңгээлинде бул өзгөрүүлөрдү тоготуп да койгон жок. Жакындагы  президенттин кадрдык өзгөртүүлөрдү жасаган бороону эмнегедир кызматтан алынышы керек болгон министрлерди кыйгап өттү. Болгондо дагы коомдун иренжиткен министрлер ордунан козголгон жок. Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Догдуркүл Кендирбаева мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Батыш дегенде бакырып чыгып, барын таштай койгон сарт калмак Кендирбаева деген бар. Оң жагынан караганда Орголчанын өзү, себеби Оргалчанын айтуусу боюнча таяке-тайы кыргыздар, Кендирбаевада деле ошондой болсо керек, сол жагынан караганда сарт калмактыгы бар. Жаңы келген жетекчини  ким болсо аңтарып-теңтерип көрөт бул адат. Караколдук Кендирбаеванын элден жашырып жүргөн ата-теги тууралуу сөз кылсак. Каракол тарапта сарт калмактардын бир үзүмү жашап калышкан. Он сегизинчи кылымда калмактар кыргыз элине кыйынчылык туудурат. «Кыргыз Гиссарга тентип, казак кайың саап» калган, чындыгы ушул бир ууч саяктар гана тоого жашынып, калган кыргыздарды орду түбү менен кодулашып Анжиян, Ферганага сүрүшкөн.  Азыр ал тууралуу кененирээк айтып берербиз, кыскасы он сегизинчи кылымды аяктап барып калмактарды Кытай талкалайт. Бешиктеги баласынан кемпир-чалдарга чейин кырып салат. Мына ушул алааматтан пайдаланып кыргыздар жанданышып, Ала-Тоодогу калмактарга каршы чыгышат. Жерин тарттырып ийген кыргыздардын жеринде да итапкан калмактар орун алышыптыр. Кыргыздар жан аябай күрөшүп, анча-мынча калмактар сүрүлүп барып Караколго отурукташып калат. Караколдун бир топ айылында кыргызча сүйлөшкөнү менен ата-теги калмак көп эле адамдар бар. Кыргыздар илгерки душманы калмактарга кечирим беришип аларга көп деле маани беришпейт. Ал эми сарт калмактар кыргызга кекенишип, учуру келгенде жамандык кылып турушат. Ошентип алар ата-тегинин өчтөрүн алышат.

Тарыхка кылчайа карап көрөлү. Отуз алты министрдин он беши советтик министрлер, тарыхта калгандары: Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев, Болот Юнусалиев, Абдылда Каниметов, Каныбек Осмоналиев. Үчөө эки жолу министр болушкан:

1.Касым Тыныстанов 1927-1930;

2.Айтул Бабашалин 1930-1933;

3.Токчоро Жолдошев 1933-1935;

4.Айтул Бабашалин 1935-1936;

5.Осмонкул Алиев 01.19.1937- 08.19.1937;

6.К.Камбаров 19.08.1937-19.09.1937;

7.Абдынасыр Елебасов 1939-1940;

8.Муса Рыскулбеков 1043-1945;

9.Болот Юнусалиев 1945-1951;

10.Султан Токтогонов 1951-1955;

11.Таштанбек Тургунов 1956-1962;

12.Абдылда Каниметов 1962-1977;

13.Аскар Турсунов 1978-1986;

14.Жаныбек Шаршеналиев 1986-1988;

15.Мукаш Базаркулов 1989-1991;

16.Анарбек Бакаев 06.1991-11.1991;

17.Чынара Жакыпова 1992-1993;

18.Аскар Какеев 1993-1998;

19.Советбек Токтомышев 1998-1999;

20.Турсунбек Бекболотов 1999-2001;

21.Камила Шаршекеева 2001-2002;

22.Ишенгүл Болжурова 2002-2004;

23.Мустафа Кидибаев 2004-2005;

24.Досбол Нур уулу 2005-2007;

25.Каныбек Осмоналиев 2007-01.11.2007;

26.Ишенгүл Болжурова 2007-2009;

27.Абдылда Мусаев 2009-2010;

28.Канат Садыков 2010-2014;

29.Эльвира Сариева 2014-2016;

30.Гүлмира Кудайбердиева 2016-2019;

31.Каныбек Исаков 2019-2020;

32. Алмазбек Бейшеналиев  2020-2021;

33. Болот Купешов 2021;

34. Алмазбек Бейшеналиев 2021-2022;

35. Каныбек Иманалиев 2022-2023;

36. Кендирбаева Догдуркүл, 2023 жылдан баштап.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости