www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы коррупциялык иштерде министр Амангелдиевдин башы соройуп көрүнүп турат. Митайым министр  Амангелдиев башкаларды түртүп коюп өзү жылаандын тилин соймолотконсуп ыктытып коюп жатат. "Чемпион" каймана аты бар Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда УКМК тарабынан коррупциялык схемага шектелип камалып, натыйжада кызматын тапшырып берип, эл көзүнө "25 миллион сом кусту” деген негизде эркиндикке чыкканы белгилүү. Чындыгында бир сом төкпөгөнүн өзү айтып жүрөт. Мына ушул Самаевдин ордуна Бишкек Эркин экономикалык аймагын, "Учкун" мамлекеттик ишканасын башкарган бажычы Орозбек Нусувалиевдин уулу Марат Нусувалиев дайындалган. Бул кадр Экономика министри Данияр Амангелдиев аркылуу келгени айтылган. Амангелдиев болсо Самаевге чейин Токмок шаарынын мэри болгон. Жанагы Самаев айыпталган коррупциялык схема дал ушул Амангелдиевдин учурундага иш экени айтылган. Бирок, бул министр шектүү иштен сүттөн таза болуп, кылы кыйшайбай иштеп жатканы түшүнүксүз. Бирок акыйкаттык болсо, кыңыр иш акыры калкып чыкса керек. 

Дегенибиз, Урмат Самаев өзүнүн ак жеринен караланып иштен алынышынын артында дал ушул министр Данияр Амангелдиевдин кулагы чыгып турат деген негизде, анын адамы Марат Нусувалиевдин мэр болуп отурганына ичи чыкпай, иштен кетирүү үчүн Токмок шаарынын кеңеши аркылуу интрига жүргүзүп жатканы айтылууда. Таразы ташы кимге оойт, азырынча айтуу кыйын. Беттегенин алып түшчү "Чемпион" бул жолу максатына жетеби, же дагы жеңилүү ызасын тартабы жакында айкын болот.

Экономика министри Данияр Амангелдиевдин кирешеси 534 миң 604 сомду түзгөн. Бул тууралуу Бирдиктүү салык декларациясы билдирет. Кыргыз эли ушундай пайда түшүрсө, Данияр Амангелдиевге ыраазы болмок.   Кыргызстандын базарларында жана дүкөндөрүндө азык-түлүктүн айрым түрлөрү кымбаттап жатат. Экономика министрлигинин июлб айындагы баалар боюнча анализинин жыйынтыгына караганда, көпчүлүк аймактарда кумшекер жана өсүмдүк майы көбүрөөк кымбаттаганы байкалды.

Кумшекердин бир килограммынын орточо баасы бир жумада эки сомдон сегиз сомго чейин жогорулады. Бишкекте кумшекердин бир килограммы 55-68 сомго жетип, апта ичинде беш сомго, ал эми пияздын бир килограммы 3-5 сомго кымбаттады.Таласта төө буурчак дээрлик беш сомго кымбаттады. Ал эми эт 10-20 сомго кымбаттаганын адистер Өзбекстанга жана Тажикстанга эт экспортунун көлөмү көбөйгөнү менен байланыштырып жатышат.Соңку күндөрү Кыргызстанда доллардын да курсу жогорулап жатканы байкалууда

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат. Учурда өлкөдө бул категорияга кирген калктын саны төрт миллионду түзөт.Бирок Экономика министрлиги парламентке бул мыйзамдын мөөнөтүн 2024-жылга чейин узартууну сунуштап жатат.

«Бул мыйзам күчүнө кирсе, салык органынын ар бир кызматкерине 2 000ден декларация кабыл алууга туура келет. Элдин көпчүлүгү электрондук түрдө декларация тапшырууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан жана башка себептерден улам кагаз түрүндө берет. Андан соң баарын талдап чыгып, Салык кызматынын маалыматтык системасына кол менен киргизишет. Жогорудагы жагдайларды, ошондой эле калктын даяр эместигин эске алуу менен декларациялоонун мөөнөтүн узартууну жана этап-этабы менен ишке ашырууну сунуштайбыз», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

2024-жылдан тартып,  үч этап менен аткарылат: Илимий изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, ден соолукту чыңдоо-дарылоо жана аткаруучу-тескөөчү функциялары менен байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка иштер менен алектенген мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын карамагындагы мекеме, уюмдардагы жумушчулар жана кызматкерлер;

Мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда эмгектенгендер. Ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда эмгектенген жумушчулар;

Эл аралык уюмдарда иштегендер;

Өзүнө 300 миң сомдон ашык суммада мал-мүлк алган жеке жактар.2023-жылдан тарта киреше салыгын төлгөн жеке жактар2025-жылдан баштап бардык жактар жана категориялар. Азыр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер гана мал-мүлкү тууралуу декларация тапшырат.

 “Эл уялса да.Эламандын эки уулу уялбайт”, экономика митнистрлиги парага күрөшүүнүн чордону болушу керек эле. Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. 2023-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечимин аткаруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК кызматтык бөлмөсүнөн кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары кармалды.

Кармалган адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган.

Мындан сырткары, кармалган адамдын кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости