www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1945-1946-жылдары төрөлгөн балдарды абдан бактылуу, эл үчүн жакшылык алып келген адамдар катары эсептесе болот. Анткени немец эли менен согуш СССРдин жеңиши менен аяктап, алдыда келечектин сыдырым жели согуп турган. Ошол кезде канчалык кыйынчылык болсо да келечектеги жакшы заман үчүн совет элинин маанайы жарык эле.  Улуу Ата Мекендик согуш жеңиш менен аяктады. Сталиндин кадыр-баркы совет мамлекетинде гана эмес дүйнө жүзүндө жогорулап турду. Согуштан кийин эле элдин жашоо-турмушу оңолуп кеткен жок. Бирок келечекке болгон үмүт, биз жеңген элбиз деген дымак башка совет элдериндей эле кыргыздарды да кыйынчылыкка бел байлатууга мажбур кылган. Ал мезгилде эл менен иштөө дагы жеңил эле. Айылдын атка минерлери эмне жумуш болсо да элге кайрылып: «Эй, тиги, жолдош Сталин ушинтип айткан турбайбы!»-деп койсо эле, караламан калк күжүлдөп иштей берчү тура. Айылда эмненин акчасы, мал-сал күтүп, эгин-тегин айдашып курсактары ток, согуш бүтүп кайгылары жок.

Ошентсе да, жыйырма беш миллион советтик адамдын өмүрүн алып кеткен согуш апааты, оор из салып кетпей койгон жок. Бөтөнчө жаш жигиттер, эркектер кылкасы менен согушка аттанышып, көпчүлүгү согуш талаасынды калышып, бирин-серин алты саны аман келгендери болбосо, кайтып келгендер мунжу, чолок, дагы оор жаракат алгандар болуп отуруп, ошол мезгилдеги кыз-келиндердин  ойноп-күлө турган убагын согуш соолтуп койгон.

Ооба, ар мезгил өзү менен кызык. Согуштан кийинки заманда элеттеги эл жайлоо - түзгө көчүп конушуп малдын аркасы менен күн көрүшчү. Кыргыз эли ал мезгилде табиятка астейдил мамиле кылышчу. Бүгүнкү күнү кыргыз жергесинин кооздугуна элдин бары суктанып келет. Ал эми ал мезгилде мындан да көрктүү болуп, азыр экологиялык баланс сакталбай жоголуп кеткен түркүн-түркүн жан-жаныбарлар жашай турган. Элет эли жайлоодон жайлоого конуш алмаштырып, ошол көчкөн мезгилде отурган жеринде коломтону да  кийинки жылы чөп чыксын деген тилек менен топурак менен көөмп, тазалап кетчү. Жаңы конушта бир аз отурган соң «сары кыр» болуп кетти дешип, мал-салын айдап конуш жаңыртышкан. Кыргыздар сууга да өзгөчө жакшы мамиле кылышкан.

Ушул мезгилде төрөлүшкөн 1945-46-47 жылкы Кара-Суунун жаштары отузга чукул бала «Бир жакадан баш, Бир жеңден кол чыгарышып» ынтымакка келишип, чуурушуп ээрчип жүрөр эле. Эми буларды эскерүү гана калды. Убакыт өтүп канчалаган адамдардын күлкүсү тыйылып калган. Кермалы агайдын айтуусунда Акылбек экөө калган, бирок ал эмнени айтканы белгисиз Кочкорго жашаган. Аманбай байкени унутуп кеткен окшойт. Аманбай байке ал кездеги үч Сакынын бирөөнүн тукуму болгон. Чоңчарык Сакы бизге жакын тууган болот: Болотбек, Темирбек, Кеңешбек, Казыбек, Сатыбек байкелер ошондон. Комуз чертчү экен 60 жылдары көзү өтүптүр. Жетикул Сакыдан Агын, күчтүү уста болгон. Ал эми Аманбайдын атасы Сакыдан Качкынбай, Кадырбай, Чолпонбайлар бар.

Ушул мезгилде төрөлүшкөн 1945-46-47 жылкы Кара-Суунун жаштары отузга чукул бала эле дедик, биз бала кезде дүкүлдөп турган жаштар экен. Кыдырбаев Ашым аксакалдын Эсенбек деген баласы мектепте иштеп жүрүп жаш кайтыш болгон 1970 жылдын баштарында ошол мезгилде 1945-46-47 жылкы Кара-Суунун жаштары биригип бир кара союшкан. Бул айылдагы өтө маанилүү окуя эле. Ийгилик деген жубайы бир топ мектепте иштеп жұүрүп кийин кетти. Кийин ушулардын биринен угуп калдым, эти бышырып жатышса  Ашым аксакадын иниси Дөгөлдөй деп койчу Абдырай деген адам бир чучукту согуп кетип баратканда көрүп калышыптыр. Анын артынан Эсенаалы деген Ашымдын уулу кетти.  Ашым согушка барып Власовдун армиясына түшүп, немецтерге кызмат кылыптыр. Бир жердешин немецтер өлтүрөрдө сактап калыптыр, кийин ошол сактап калган адам айгак чыгып көп жылдар камалып келген дешчү. 1990-жылдары бир небересин багып жүрсө Каттоо деген Исакеевдик адам атка сүйрөтүп өлтүргөн деп угуп калдык.

Акылбек байкенин теңтуштарынан Асанбек, Кожо, Жанабил байкелерди кеп кылдык. Тээ илгери саяктар келип ар бир айылга байырлап калыптыр. Биздин айылда 5-6 түтүн саяк бар эле. Таенем Батма саяк болуп апам саяктарды  таяке дей турган. Ушундай таякелеринин бири Турпаналы. Чоңчарык Балыкты Төрөкелди баатыр Айтыке деген кол алдындагы саяк ырчы менен беттештирет. Бул саяк Төрөкелди болбосо  жөн эле жеп коймок экен дептир, кийин Балык Эсенбайдын айтуусунда. Айтыке согуп атат дейт:

Сен чоңчарык,,

Кедериңди ит баскан,

Кемселиңди бит баскан... деп, анда Балык:

Арчадан тилген таяк көп,

Ар айылда саяк көп.

Кедеримди ит басса,

Челип берер таяк бар.

Кемселимди бит басса,

Терип берер саяк бар...деп.

«Кемселимди бит басса, терип берер саяк» Мелис Турпаналиев Акылбек байке менен теңтуш эле, апамдын тайы болуп, үйгө киргенге да өтүмдүү. Кайдан экени белгисиз алка-шалка тер кетип, Акылбек байкени араңдан зорго көтөрүп келет. Эшиктен кирген соң Акылбек байке башын көтөрүп, «хы, эшегим» деди эле, Мелис байкенин күйбөгөн жери, күл болду. Эки нерсени кошумчалап кетели. Бир жолу мен да кантип келгенде билбейм. Атам: «Ушундан көрө менин канымды ич» десе: «Жок, ата, сиздин каныңыз улам  бир дары ичип атып бузулган» дептирмин. Атам айлам жок күлүп жибердим деген.

Экинчиси, биз Нарынга отчет тапшырганы барган атабыз. Кеч болуп калып, эртеси баралы дедик да, ал күнү Кочкордун паноромасын көргөнү чыктык. Кийин Райфинди жетектеп, ушул кезге чейин ошол жерде, анда бюджеттин начальниги болчу орозо кармап алыптыр. Мен айтып калдым: «Биздин Чорто, Момуш аксакалдар орозо убагында сапарга чыкса орозо жанат, дешип мындай чыгарып арак ичирчү экен» десем, араң турган окшойт ичип жиберип, аягында үйүнө сүйрөп араң жеткиздик. Эртеси Нарынга баратсак айтып жатат: «Теңтуш балдар ооз ачырганы келишет. А молдокеси мен тургузалы десе шымыма сийип жатам. Абалымы көрүп, урдум сенин орозоңу дешиптир».

Биз бала кезде Акылбек байке колхоздо инженер-механик болуп иштесе керек. Кээде түштө обедке келип калчу, биз «жашынбак» ойноп жатсак, «давай жашынгыла» дечү, барыбыз аябай табылбаган жерге жашынып, жатар элек. Күтүп атабыз, күтүп атабыз качан табар экен деп, көрсө бизди жашынгыла деп, жашындырып коюп өзү жумушка кетип калчу тура...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости