www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Израил - араб согушу качан башталган?

Кан суудай агылып жатыр. Жакынкы Чыгышты миңдеген өлүктөр, он миңдеген жаралуулар каптады...Бул жаңжалдын чыгышына 2023-жылдын 7-октябрындагы Хамастын кыргыны шылтоо болгону менен Израил бейкүнөө адамдарды кырып жатат. Хамас колго түшүрүп кеткен адамдарды бошотуу үчүн ошондон бери Газ сектору үстөккө-босток бомбаланып келүүдө. Палестиналыктын бары эле Хамасты колдогон жери жок, анда эмнеге бейкүнөөө адамдар кыргынга учурап жатат? Дүйнө толкуду Франция, Германия, АКШда жана араб мамлекеттеринде бул кыргынга каршы элдик толкундоолор болуп жатат. Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарында эки тарапты колдогондор чыгышып, ортосунда коопсуздук кызматтагылар чайналууда. Ошол эле кезде бириндеп еврей, араб чабыштары чыга баштады. Бул толкундоого ким күнөөлүү?

Израил-араб жаңжалы качан башталган?
1947 жылы жаңы түзүлгөн БУУ Палестинаны бөлүү планын түзөт. Буга Иосиф Сталин макул болот. Буга чейин еврейлер дүйнөгө тарап кеткен. Дүйнөгө тарап кеткен калктар көп цыган, кыпчак жана башкалар.  Кыпчактарды бириктирүүгө ушул эле Сталин каршы болуп, кыргыздын бир топ жери Өзбекстанда калып калганы белгилүү. Анткени Кыпчак ССРин түзөбүз деп Өзбекстанга жер топтошкон. БУУнун планы боюнча Палестинада араб жана еврей мамлекеттери түзүлө турган болот. Кудус (Иерусалим) шаары эл аралык контролдоо шаары аталат. Еврейлер бул планга макул болушуп 1948-жылы 14 майда Израилди түзүшөт. Араб мамлекеттердин лигасы буга каршы чыгышат, анткени ал кезде Палестинанын 67 пайызы арабдар болгон. Эртеси эле Сирия, Мисир, Ливан, Ирак жана Трансиордания жаңы мамлекетке кол салат. 1949 жылы Сирия, Мисир, Ливан, Ирак жана Трансиордания жаңы келишимге кол коюуга аргасыз болушат. Бул келишим боюнча еврейлердин кол алдында Батыш Галилея, Кудуска (Иерусалимге) чейинки коридор калат, бул жерлер план боюнча арабдарга тиешелүү болмок. Кудус (Иерусалим) Израил менен Трансиорданиянын ортосунда бөлүнөт.
1949 жылдын 11 майында Израил БУУга мүчө болуп кирет. Араб мамлекети түзүлбөгөн боюнча калат. Палестинада 750 миң араб жашай турган согуш убагында алар качышып 160 миң араб гана калат. Израил бийлиги качкындарды кайра кабыл албайт, алардын жери жана мүлктөрү конфискацияланып еврейлер тартып алышкан.
Араб мамлекеттери Йемен, Мисир, Ливия, Сирия жана Иракта еврейлерге каршы демонстрация жана талап-тоноо башталып, жыйынтыгында 800 миң еврей куугунтукталып жаңы түзүлгөн мамлекетке качып келишет. Ошентип 600 миң арабдын ордун 820 миң еврей качкындар ээлеп калышат.
1948 жылдан 1958 жылга чейин Израилдин калкы 0,8 миллиондон 2 миллионго чейин көбөйөт. 1956 жылы Израил Улуу британия менен Франциянын Мисир улутташтырып алган Суэц каналына контролдук кылуу үчүн түзүлгөн союзга кошулат. СССР менен АКШтын киришүүсү менен Синай жарым аралын басып алган Израилге кемелери Суэц каналынан өтүүгө жана Кызыл деңизге чыккан жерине контролдук кылууга мүмкүнчүлүк беришет. 1967 жылы Мисир, Сирия жана Иордания аскерлерин Израилдин чек арасына топтойт. Израил согушка кирип Батыштын жардамы менен Синай жарым аралын, Газ секторун, Иордан дарыясынын батыш жээгин, Чыгыш Кудусту (Иерусалим) жана Голан бийиктигин басып алат.
1973 жылы 6-октябрда Мисир менен Сирия биргеликте Израилдин жүрөгүн түшүрүп кол салат. Израилдин аскери алардын аймагына чейин кирип барышып согуш аяктайт. 2006 жылдын 12 июлунда ливандык шииттер уюму «Хезболла» Сирия менен Ирандын колдоосунда израилдин калктуу пунктарына бир нече ракета менен аткылайт. СССРдин бийлик башына Михаил Горбачёв келген соң СССРден Израилге 200 миң еврей келген. 1992 жылдан 2000 жылга чейин 67 миң еврей көчкөн. Израилге бардыгы болуп СССР менен КМШдан миллионго жакын еврей келген. Еврейлер тез көбөйгөнүнүн себеби энеси еврей болсо да еврейдин катарына кете берет. Азыркы маалда Израилдин калкы 10 миллионго чукулдап калды.

Дүйнөгө тарап кеткен еврейлердин тарыхынан
Башкысы еврейлер өз мекенине токтобой дүйнөгө тарап кеткен калк. Биздин доорго чейинки 586 жылы Навуходоносордун башкаруусундагы Вавилон тарабынан Иерусалим толугу менен кыйраган, бардык еврейлер сүргүнгө айдалган. «Бардык еврейлер … жоокер, офицерлер, бардык усталар менен көркөм өнөрчүлөр… кедей-кембагал адамдардан башкалары, сүргүнгө айдалсын» (2 Падышачылык, 24: 10-14). Вавилондо сүргүндө жүрүшкөн биринчи диаспорадагы еврейлер өздөрүн көрсөтө алышкан. Макс Димонт өзүнүн «Бүлүнгүс еврейлер» деген китебинде минтип жазат: «Вавилондун китепканаларында еврей–интеллектуалдар көптөгөн жаңы идеяларды ачышкан. Кырк-элүү жыл сүргүндө болушкан еврейлер Вавилондун ишкерчилик, илим жана маданиятынын башында болушкан. Алар соодада да лидерлерден болушкан, илимий ишмерлер, башкаруучулардын кеңешчилери болушкан».
Биздин заманга чейинки 538 жылы персиялык падыша Улуу Кир еврейлерди өз мекенине кайтууга уруксат берет. Вавилондо ийгиликтүү соода жана бизнес кылышкан бай еврейлер Иудеяны кайра бутунан тургузуу үчүн мекенине кайтып жаткан еврейлерге финансылык жардам беришкен. Биринчи жасаган аракеттер ийгиликсиз болгон, бирок кийин көчүп келгендер Ездра пайгамбардын жетекчилиги аркылуу Иени Неемиянын башкаруусунда кайра жаңыртышкан. Иерусалимди жана улутту буттарынан тургузушкан. Израилге кайтып келишкен «Вавилондук еврейлер» өздөрүнүн жакыр туугандары, алардан жарым кылым артта калышканын, башка улуттар менен ассимиляция болгондон улам тилдери да аралашып баратканын түшүнүшөт. Кирил Дарлингтон «Адамдардын жана коомдун эволюциясы» деген эмгегинде еврей элитасынын бөлүнүп чыгышы менен интеллектуалдуу сабаттуулукка умтулуу башталат. Өз мекендерине кайтып келген еврейлер эки адатты бекем сакташа баштайт, биринчиден, акыл –эстин күчтүү болушу үчүн жандалбасташат жана Муса пайгамбардын беш биринчи китебин чыгарышып, динсиздер менен нике кылууга тыюу салышат.

Араб мамлекеттери Кыргызстанга эмнеге таарынган?
1990-жылы Аскар Акаев жаңы президент болгон соң берген маегинде: «Үч жылдан соң Кыргызстанды тааныбай каласыңар» -деген. Убакыт көрсөттү чын эле үч жылдан соң Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрдү. Акаевдин оюу боюнча Кыргызстан жакшы өнүгүү жолуна түшөт болчу. Бирок, 1990-жылга салыштырмалуу 1993-жылы Кыргызстан итке минген кедей болду, карапайым эл унга улпак кошуп жеп, эптеп күн көрүп калды. Бай, кедейге ажыроо башталды, көзү тойбос ач көздөр көбөйдү. Бул жыл Кыргызстан үчүн абдан аянычтуу болду, официалдуу билдирүүлөргө караганда гиперинфляция 1993-жылдын башында 2033,7 пайызга чыккан. Тышкы саясаттан да жыргап кеткенибиз жок. «Акаев Горбачевго вице-президент болгон жатат» -деп элди каратып калп айткан Эднан Карабаевди президенттик аппарат жетекчисинен бошотуп, ал тышкы иштерди тейлеп калган. 1993-жылы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тышкы саясат боюнча чоң чыр-чатак чыгат. 1993-жылдын башында Аскар Акаев Израилге иш сапары менен барат. Мусулман мамлекеттеринин ичинде Мисирдин президенти Анвар Садаттан кийинки эле Кудуска (Иерусалим) барган Акаев болгон. Иш сапары учурунда Кыргызстан менен Израилдин ортосунда көптөгөн достук, саясий, маданий, илимий, экономикалык келишимдерге кол коюлган.
Аскар Акаев орду толгус эки чоң ката жиберген: Биринчиси, Израил президентинин сый тамагы учурунда президент болуп турса да оозуна келген сөздү айта салам деп, ал кездеги Израилдин тышкы иштер министри Шимон Перестен катуу кагуу жеп, шагы сынган. Араб мамлекеттери, анын ичинде Палестина менен кырды бычак болуп турган кезде, ар кимге жагынгандан айланабы.
Экинчи чоң катачылыгы бүт маалымат майданы менен саясий «истэблишменттин» оозун ачырган. Акаев чын дилинен еврейлерге жагыныш үчүн Кыргызстан элдин бары жайгашкан Тел-Авивде эмес Кудуста (Иерусалим) элчиликти ачат деп жарыя кылган. Акаевден соң 2017-жылы АКШ Кудуста (Иерусалим) элчилик ачам деп бүткүл дүйнөнүн жинине тийип, БУУда (ООН) мамлекеттин бары каршы чыгып, араң турган Израил араб мамилелери ырбап кеткен. Ал эми 1993-жылы Акаев Кудуста (Иерусалим) элчилик ачам деп ажыдардын куйругун басып алган, араб мамлекеттеринин бары жүзүн Кыргызстандан тескери буруп кетишкен. Ал кездеги Жогорку Кеңеш Акаевди сөзүн кайра алууга мажбурлаган. Күтүлбөгөн жерден бул идеянын автору болуп тышкы иштер министри Эднан Карабаев болуп калат. Акаев өзү айтса да аны башка бирөөгө үйүп салган анын жаман адаты бар экени элге белгилүү болгон.
Ошол жылы Акаев тарабынан биринчи кытай кафеси ачылууга уруксат берилет. Кытай тилинде жазылган бул кафенин аты кыргызча которулганда «Жетинчи колония» экен. Биз кытайдын жетинчи колониясы бойдон жүрө бермек экенбиз, кокус кимдир бирөө которбосо, чыр-чатактан кийин кытайлыктар «Күмүш ай» деп которушкан.
Ушуга окшогон Акаевдин туура эмес тышкы саясаты араб мамлекеттерин Кыргызстандан оолактаткан. Араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын ортосундагы жабылган темир көшөгөнү ачканыбызга 20-жыл болду. 1993- жылдагы бийликтин чоң катасын оңдогон элек. Алдыңкы араб өлкөлөрү Кыргызстан менен дипломатиялык карым катнашты такыр токтотушкан. 2003- жылы чоң дипломатиялык иштердин жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы темир көшөгөнү алып салганбыз. Жыйынтыгында: Сауд Аравиясына, Кувейт, Катар мамлекеттерине биздин элчиликтер ачылган. Ажылыкка бара тургандарга квота 5000 ге көтөрүлдү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости