www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №2 автобекетине барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш сапардын максаты — "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында алынган электр автобустарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана инфраструктурасы менен таанышуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров долбоор, анын негизги компоненттери жана ишке ашыруу абалы жөнүндө кеңири маалымат берди. ДЕПОнун курулуш этаптарынын сүрөттөрү, "Пилоттук жашыл коридордун" 3D-анимациясы жана электробустардын айдоочулары үчүн окутуу симуляциясы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө делегация инфраструктура, кубаттоочу станциялар жана электробустарынын жаңы функциялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана долбоордун өнөктөштөрү менен биргеликте сүрөткө түшүү менен аяктады.