www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 12-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште Яков Чаплин коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 92 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан кыргызстандык спортчу чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракети үчүн жеңишке жеткен.
Ал эми жарым финалда бахрейндик Магомед Шариповго 0:8 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген.
Коло медаль үчүн беттеште кытайлык Хаде Айидусини 6:4 эсебинде утуп, үчүнчү орунга ээ болду.