www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия чемпионаты: Махмудов финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалда Махмудов ирандык балбан Амир Али Абди менен күч сынашты.

Беттештин биринчи бөлүгүндө, алгач, Али Абди Махмудовду килемдин сыртына түртүп чыгарып 1 упай алды. Андан кийин атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн ирандыкка экинчи упай ыйгарылып, Махмудов партерге жаткырылды. Ирандык балбан ыкма жасоого аракет кылып жатканда, Махмудов атаандашынын аркасына өтүп 2 упай алды. Андан соң Махмудов атаандашын эки жолу көтөрүп чаап, 4 жана 5 упай алды. Жыйынтыгында эсеп 11:2 болуп, Махмудов мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости