www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен саясаттагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

-Азимбек Анаркулович, бу сапар Америка шайлоого тымызын кийлигишүүгө аракет кылып, Клара Сооронкулованы сүрөйт экен деген маалыматтар чыкты. Алар бийликти алмаштырууну көздөп жатышабы?

-Америка Кыргызстанга куштар эмес, өз алапайын таппай жатат, тескерисинче: «проамерикалык, батышчыл» болуп көрүнгүсү, алардын жардамын алгысы келишкен партиялар, НПО чулар, жеке инсандар өзүбүздө көп. Америка Кыргызстандын бийлигин эч качан алмаштырган эмес, аны качкын президенттер, анын жакындарынын ойлоп чыгарган жомоктору. Бийликти кыргыздар өзүбүз эле  алмаштырып жүрөбүз.

- Неге Кыргызстанда сырткы күчтөрдүн таасири күч? Качан биз өзүбүз маселе чечкен абалга жетебиз?

-Кыргызстандын бийлик башында тургандардын күн карамалыгынан ошондой болуп келет. Качан бийликке «кыргызым, кыргыз жерим»- деген улутчул- мекенчил келгенде, тышкы таасирлер токтойт.

-Президенттин ыктыярчыларды кабыл алганын туура көргөндөр да, элди алаксытуу максатында кабыл алымыш болуп койду дегендер да бар. Бул боюнча не дейсиз?

-Эл оозунда элек жок деген ошол, бирөө көрө албай айтат, бирөө түшүнбөй эле сүйлөп коёт. Ыктыярчыларды кабыл албаганда анан «коронавирус жок» дегендерди кабыл алыш керек беле?

- Президентке пандемия боюнча чындык жетпей жаткан. Ыктыярчылардан аныгын укту дегенге ишенсек болобу?

-Президент пандемия эмне экенин, анын масштабын абдан жакшы билет жана түшүнөт, ошон үчүн ӨК жана ӨАны президент өз убагында киргизген. Бирок Пандемия менен күрөшүүдө Өкмөт менен жергиликтүү бийлик, атайын түзүлгөн штаб менеджерликти, ыкчамдыкты, чечкиндүүлүктү көрсөтүшө алган жок. Экинчиден, ушул жалпы адамзат ооруп жатса да, «тумоо жок»- деп президентке каршы  атайын уюштурулган маалымат согушун жүргүзүү жеке чөнтөк телефон, атайын түзүлгөн соцсеттер аркылуу президенттин жеке душмандары, алардын тарапташтары , өздөрүн азыркы бийликке оппозициямын - деп эсептегендер тарабынан  катуу жүргүзүлүүдө. Ал эми аларга каршы  турчудай  президенттин өз командасы жокко эсе десек болот. Атамбаевден өтө качкандар ага иштемек беле?

-Президенттин маалымат борбору менен аппараты ага каршы иштеп жатат деген маалыматтын чындыгы барбы же жөн эле айтылган сөзбү?

-«Каршы иштеп жатат»- деген ашыкча болсо керек. Бирок дээрлик үч жылдан бери чеке жылытарлык иш кылганы көрүнгөн жок. Бары-жогу белгисиз. Президентти эмне кылып гана шылдыңдап, жаманатты кылып, жалаа жаап жатышат. Алардын адекваттуу жообу жок. Мурдагы президенттердин аппарат башчылары, маалымат кызматы маалымат майданында «кожоюндарын» катуу коргошчу. Ал эми прокуратура президентти маскаралагандарга кылмыш ишин козгочу. Мен алардын жолун жолдогула дебейм, бирок Президенттин кылып жаткан иштерин элге жеткирип, негизсиз жалаа жабууларга жооп берип туруу, анча-мынча «өтө чечен- шамдагайлары» кимдин ырын ырдап жатканын, «оорууларынын» ким  экенин түшүндүрүп коюу, пандемия жок дегендерге аттуу-баштуу, адистер аркылуу жооп бердирип уяткаруу, пандемия ооруусу менен күчтүү, бай өлкөлөр да ооруп жатканы, кайсы өлкөдө анархия көп, ошол өлкөдө тумоо күчтүү экенин жана башка  ушундай түшүндүрүү иштерин врачтар иштегендей эле катар колго алып иштөө Республикалык Штабдын, Президенттин аппаратынын, маалымат кызматынын түздөн- түз иши, милдети болуш керек! Чыныгы мекенчилмин, элчилмин, мамлекетчилмин деген ар бир инсан дагы пандемияга каршы аракет кылууда жалпы кызыкчылыкты алдыга коюу  зарыл. Азыр «кайсы, өлкө, кайсы бийлик»- деген экинчи планда калууда, “кайсы улут, эл пандемияга каршы кандай турууда»-деген маселе алдыга чыкты.

Тумоонун дарысы табыла элек, арты да көрүнбөйт, алдыда дагы канча толкуну бар? Азырынча дарысы санитардык, карантиндик режимдерди кармануу, дистанциялык негизде байланышуу, иш жүргүзүү гана. Ал элдин өз колунда, бийликтен буйрук күтпөй эле аны өзү аткарып, коңшуларыңдан, жакындарыңдан талап кылуу милдет! Дары табуу, кошумча оорукана куруу, медиктерди тартуу, тумоонун жаңы толкунуна жол бербөө, даяр туруу. Башка чараларды камсыз кылуу үчүн Президент ыкчам түрдө өз командасын жаңылашы  керек. Азыркы командасын, аппаратын, Өкмөтүн үч жылдан бери көрдү да?! Боронов мырза экөөнө пандемия менен күрөшүү деген, элдин тагдырына байланыштуу  тарыхый милдет жүктөлдү!  Мындан качып кете алышпайт! Мурдагыдай эле, чөнтөгүнө, жек-жааттыгына  карап  жүрүшө берсе, мен жакында эскерткендей «ашуудан түшүү» өтө кыйын болот!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости