www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаев президенттик мөөнөтүн аягына чейин өтөш үчүн өзүнчө кеңешме кылып жатыптыр деген маалымат тарады. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн алдында президент кечирим сурабаса, кырдаал мындан да оорлоп кетиши мүмкүнбү?

-Биз Убактылуу Өкмөттүн бир топ мүчөлөрү саясый аренадан кетпей өзүбүздүн бир талапкерди тагыраак айтканда, революциячыл күчтөр менен бирдикте колдоп чыгабыз деген ниеттебиз. Анткени, президент болом дегендердин көбү Акаев, Бакиевдердин алдында портфель көтөрүп жүрүп, байып алган  адамдар. Кокус ошолор президент болуп калса, Бакиевди Минскиден алып келип, Елисеевге аяр мамиле кылыш керек деген маселени көтөрүшү толук  мүмкүн.

Ошондуктан, улуттун келечегин, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп, жалаң эле олигархтар депутат, президент кыла бербей жүрөгү таза, элим, жерим деген адамды революциячыл күчтөр менен бирдикте тандайлы деп жатабыз. Ошондой эле Атамбаевдин алдынан өтүп, чөгөлөп кечирим сурайлы деген ой эч бир убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн капарында да жок. 

Үзөңгүлөштөрүн кууп жиберип, бир топ катачылыктарга жол бергени үчүн кечиримди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эмес, Атамбаев өзү сурашы керек. Анткени, ал президент. Революциянын максаттары ишке ашпай калса, ал Атамбаевдин катачылыгы. Ошондуктан жарашуу Атамбаев тараптан болсо ойлонуп көрөбүз. Биз тараптан Атамбаевдин алдына барып, жарашалы, ынтымакка келели деген болбойт.

Чынайым Кутманалиева, “Майдан.кж”

Последние новости