www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдириди.
Куттуктоо телеграммасында Сагиба Гафарова азербайжан-кыргыз достук мамилесинин абалы жогорку деңгээлде экенине токтолуп, ар түрдүү тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташтыктык канааттанууну жаратарын белгиледи. Мындан тышкары, жогорку мыйзам чыгаруучу органдардын ортосундагы байланыштар да алакаларды арттырууга чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Муну менен катар биргелешкен аракеттердин негизинде парламенттер аралык диалог мындан ары да кеңейип, тереңдей турганына ишенерин билдирди.
Ошондой эле Сагиба Гафарова Төрага Марлен Маматалиевге чың ден соолук жана жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.