www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бешинчи Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын юстиция министри Аяз Баетов бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, Албания Республикасынын Европа жана тышкы иштер министри Ферит Ходжа, Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили, Исландиянын тышкы иштер министри Торгердюр Катрин Гюннарсдоуттир, Литванын тышкы иштер министри Кястутис Будрис, Люксембургдун тышкы иштер министри Ксавье Беттель, Гватемаланын тышкы иштер министринин орун басары Моника Боланьос, ошондой эле Гананын тышкы иштер министринин орун басары Джеймс Гьякье Куэйсон менен сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Мындан тышкары, Атилла Демир Йерликая жетектеген «Anadolu Group» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Аяз Баетов Кыргыз Республикасы тууралуу актуалдуу маалымат берип, өлкөдө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоого багытталган кеңири масштабдагы реформаларды белгиледи.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жандандыруу маселелерин, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү талкуулашты.

Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын глобалдык демилгелерин, анын ичинде тоо күн тартибин илгерилетүүгө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы башка демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуулардын алкагында Аяз Баетов чет өлкөлүк өнөктөштөрдү үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлүшү пландалган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышууга чакырды.

Форумдун жүрүшүндө Аяз Баетов эл аралык TRT World телеканалына да маек берди.

Последние новости