www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайдагы мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

2026-жылдын 20-апрелинде саат 03:30 чамасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун түштүк аймагы боюнча санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн инспектору Кадамжай шаарындагы “Аль-Бухари” мечитинин короосунда белгисиз жаран садака кутучасын бузуп, ичиндеги акчаны уурдап жаткандыгын байкап, маалымат берет.

Ошол эле замат Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу алынган маалыматтын негизинде аталган аймакка барып, кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын 19 жаштагы Ж.И.экендиги аныкталып, кармалды.

Аталган факты Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Последние новости