www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран парламенти Ормуз кысыгы аркылуу өтүү эрежелерин катаалдаштырууну сунуштаган планын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу парламент өкүлү Мохаммадреза Резаи социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, Израиль менен байланышкан бардык кемелерге кысыктан өтүүгө толук тыюу салынат. Ошондой эле Иранга каршы деп саналган мамлекеттердин кемелерине да коопсуздук кеңешинин чечими менен чектөө киргизилет.

Башка өлкөлөрдүн кемелери болсо атайын уруксат алып, «көзөмөл жана коопсуздук» үчүн төлөм төлөгөндөн кийин гана өтө алат. Төлөмдөр Ирандын улуттук валютасы — риал менен жүргүзүлмөкчү.

Мындан тышкары, Иранга каршы санкция киргизген же “душман” деп эсептелген тараптарга кысыктан өтүү укугу берилбейт. Эрежелерди бузган кемелер кармалып, айып пул салынып, жүктүн 20 пайызы конфискацияланышы мүмкүн.

Расмий Тегеран бул чаралар өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө жана экономикалык кызыкчылыктарды коргоого багытталганын белгилөөдө.

Последние новости