www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аянты 22 гектар. Жалал-Абад шаарында заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бул тууралуу күн мурун, 26-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Тактап айтканда, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы "Телтору" атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир жайга көчүрүлөт. Бул кадам шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт.

Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электр автоунааларын чыгаруучу завод болуп, мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода жайлары бериле тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, "Телтору" атмайданы башка аймакка көчүрүлүп, заманбап атмайдан курулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости