www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралиянын бийлиги жекшемби күнү Бонди-Бич жээгинде болгон кандуу кол салуудан кийин курал-жаракка байланыштуу мыйзамдарды катаалдатууга убада берди. Бул тууралуу өлкө башчысы Энтони Албаниз 15-декабрда билдирди.
Өкмөт улуттук курал реестрин түзүп, лицензия менен берилген куралдардын санына, түрүнө жана колдонуу мөөнөтүнө катуу чектөө киргизүүнү көздөөдө. Ошондой эле мөөнөтү чектелбеген лицензияларга тыюу салуу жана курал алууга уруксатты Австралия жарандары менен гана чектөө маселеси каралууда.
Белгилей кетсек, мындай чечимге негиз болгон кандуу кол салууну уюштурган деп шектелгендер ата-бала экени аныкталды. 50 жаштагы атасы полиция тарабынан жок кылынып, каза болгондордун саны 16га жетти. Анын 24 жаштагы уулу оор абалда ооруканада жатат. Чабуулдан кийин 40 адам, анын ичинде эки полиция кызматкери жаракат алган.
Кол салуу маалында эл арасынан Ахмед аль Ахмед аттуу жаран кылмышкерди жыгып, куралын тартып алган. Окуя видеого түшүп, интернетте ал баатыр катары бааланууда. Ахмед өзү да жаракат алып, операция болгон. Аны колдоо үчүн 1 миллион австралия долларынан ашык каражат чогултулду. Бул трагедия Австралияда коомдук коопсуздук жана курал-жаракка көзөмөл маселесин кайрадан курчутту.