www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 15-апрелинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык-методикалык жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун максаты – авиация тармагындагы жогорку окуу жайларда мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо, методикалык колдоо көрсөтүү жана санариптик тилдик ресурстарды окутуу процессине кеңири колдонуу болду.
Иш-чарада мамлекеттик тил саясатынын багыттары, “Кыргызтест” системасы, даярдык боюнча методикалык сунуштар жана видеосабактар тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле AITIL, DOCUMENT.GOV.KG, EASY KYRGYZ санариптик платформалары жана кыргыз тилинин улуттук корпусу тааныштырылды.
Жыйынтыгында авиация тармагындагы кесиптик билим берүүнү мамлекеттик тил менен айкалыштыруу жана санариптик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштар берилди.
Жолугушууга Улуттук комиссиянын өкүлдөрү, институттун жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.