www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дөң-Талаа айылынын жаштары биргелешип, айыл турмушун ичкиликтен куткарышты. Акыркы мезгилде ичкиликти токтотуу маселеси өлкөбүздүн көп жерлеринде жүз берип, кубандырган көрүнүшкө айланды. Мына ушундай кубанычтуу иш-чаранын катарын Кыргызстандын дагы бир жергеси Дөң-Талаа айылы толуктады.

Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Дөң-Талаа айылында жаштардын демилгеси менен айылда спирт ичимдиктерди ичүүнү жана сатууну токтотуу демилгеси көтөрүлгөн. Бул демилге айыл тургундары тарабынан колдоого алынып, айыл жергесиндеги баардык дүкөндөрдө ичимдектер сатылбай турган болду. Бул жакшылыктуу иш-чараны кубаттап, ичкиликтен эскертүү максатында айыл ичине атайын көрнөк-жарнактар орнотулду. Жаштарыбыздан Аллах ыраазы болсун, үлгүлүү жаштар өлкөбүздө арбый берсин!

Маалымат Фейсбуктан алынды:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости