www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов коронавирус инфекциясына байланыштуу дагестандыктарга өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылды.

"Ушул ыйык айда мен бардык дагестандыктарга жана мени тааныгандардын бардыгына кайрылгым келет. Көпчүлүк дагы деле кырдаалдын олуттуулугуна ишенишпейт. Биз дарыгерлердин кеңештерине жана өтүнүчтөрүнө кайдыгер мамиле жасаганыбыз менен, оорунун жайылышы күн сайын күчөп жатат. Бул ооруканалардын бүгүнкү күндө оорулууларга толуп жаткандыгына, адистердин жана дары-дармектердин жетишсиз болушуна алып келди жана ооругандардын саны күн санап саны өсүүдө.

Мага ишенип коюңуздар. Оору өлүмгө жеткизип жатат. Үйдө отуруп, дарыгерлерге жана ооруканаларга болгон жүктү азайтсак болот. Жакындарыңызга кам көрүңүз, аларды ашыкча үйдөн чыгарбаңыздар. Аллах баарыбызды ар кандай оорулардан коргоп, дүйнө жүзүндө бул оору менен ооругандарды айыктырат деп ишенем", - деп жазган мушкер.

Буга чейин Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов коронавируска шектелип ооруканага жаткырылганы жана вируска тапшырган тестинин жыйынтыгы чыга электиги тууралуу жазылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости