www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда 4-майдан тартып кичи жана орто бизнестеги ишканалардын көпчүлүгүнө иштөөгө уруксат берилет. Мындай чечим 29-апрелде өлкө премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы алдында өткөн Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Чечимге ылайык, 4-майдан тартып ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:
Аянты 500 чарчы метрден чоң болбогон азык-түлүк сатпаган дүкөндөр (17:00гө чейин иштейт);
сүрөт салондору;
гүл саткан жайлар;
чач тарачтар (жазылуу боюнча);
медициналык борборлор (жазылуу боюнча);
стоматологиялык клиникалар (жазылуу боюнча);
кыймылсыз мүлктөр менен иштеген компаниялар,
жарнама агенттиктери;
адвокаттар;
нотариустар;
микрофинансылык уюмдар,
камсыздандыруу компаниялары;
күрөөканалар;
акча алмаштыруу жайлары;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында иштеген компаниялар.
Мындан тышкары 4-майдан тартып Казакстандын жашоочуларына көчөдө спорт менен машыгууга уруксат берилет.
1-майдан тартып Нур-Султан — Алматы багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. 4-майдан кийин бул эки шаардан Кызылордо, Петропавловск, Усть-Каменогорск жана Семей шаарларына учактардын учуусуна уруксат берилет.
Казакстанда 15-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарлары, андан кийин дагы бир нече ири шаар карантинге жабылган.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 3 миңден ашып, 25 бейтап каза болду.
Булак: "centralasian.org"