www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районундагы жеке эс алуучу жайлардын биринен Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, терилер инспекторлор жүргүзгөн текшерүү учурунда аныкталган.

Эс алуучу жайдын ээси аларды болжол менен 30 жыл мурда алганын айткан.

Бирок терилердин мыйзамдуу жол менен алынганын тастыктаган уруксат документтерин көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле ал текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн документтерге кол коюудан баш тарткан.

Учурда бардык материалдар топтолуп, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

Мыйзамга ылайык, илбирске келтирилген зыян үчүн 2 миллион сомго чейин, ал эми күрөң аюуга келтирилген зыян үчүн 1,5 миллион сомго чейин доо каралган.

Последние новости