www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жайгашкан фермердик чарба мамлекеттин колдоосунун аркасында ийгиликтүү иш алып барууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Фермер аталган министрликтин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан 3% пайыздык жеңилдетилген насыянын алкагында “Айыл Банк “аркылуу каржылык колдоого ээ болгон.

Алынган каражаттын негизинде Россия Федерациясынан эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлар алынып келинип, бүгүнкү күндө малдын саны көбөйтүлүп, заманбап ыкмалар менен багылып жатат. Бул порода тез семириши жана эт өндүрүмдүүлүгүнүн жогору болушу менен айырмаланып, аймактагы этке болгон суроо-талапты камсыздоодо маанилүү роль ойноодо.

Белгилей кетсек, фермер буга чейин эле Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен кооператив түзүп, айыл чарба продукциясын биргелешип өндүрүү жана сатуу багытында туруктуу иш жүргүзүп келген. Кооперативдик ишмердүүлүк фермерлердин кирешесин жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошууда.

Министрлик тарабынан берилген жеңилдетилген насыялар жана системалуу колдоолордун натыйжасында фермер чарбасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, эт өндүрүшүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүдө. Бул ийгиликтүү тажрыйба аймактагы башка фермерлер үчүн да үлгү болуп саналат.

Айыл чарба министрлиги мындан ары да фермерлерди жана кооперативдерди колдоону улантып, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыра бермекчи.

 

Последние новости