www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Түркия президентинин Администрациясынын Коммуникациялар башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө Сириядагы кырдаал, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана биримдиги, ошондой эле ИГИЛге каршы күрөш жана Сириядагы түрмөлөрдө кармалып турган уюм мүчөлөрүнүн маселеси көтөрүлгөн. Эрдоган терроризмден арылган, тынч жана өнүккөн Сирия аймактык туруктуулукка салым кошоорун белгилеген.
Ошондой эле Газа тилкесиндеги тынчтыкты орнотуу аракеттери талкууланып, Түркия бул багытта АКШ менен координацияны улантаарын билдирген. Эрдоган Трампка Газадагы тынчтык боюнча комитетке чакырганы үчүн ыраазычылык билдирген. Өз кезегинде Дональд Трамп бул сүйлөшүүнү «абдан жакшы телефондук маек» деп мүнөздөдү.
Ошол эле учурда Түркиянын Мардин провинциясынын Нусайбин районунда кооптуу окуя катталды. Сириядагы кырдаалга каршы өткөрүлгөн акциядан кийин бир топ адамдар чек арада илинип турган түрк желегин түшүрүшкөн.
Бул окуяга байланыштуу Түркия президентинин Коммуникациялар башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран аны «ачык провокация» деп атап, улуттук коопсуздукка жана мамлекеттин ыйык баалуулуктарына каршы аракеттерге катуу чара көрүлөрүн билдирди.