www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-январында Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен биргеликте Кыргыз киносунун күндөрүн ачты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев казакстандык көрүүчүлөрдүн кыргыз кинематографиясына болгон туруктуу кызыгуусун белгилеп, буга чейин Элчилик тарабынан тартууланган «Бейиш эненин таманында» тасмасы 2024-жылы Казакстанда кинопрокаттын лидери болгонун эске салды.
Казак тараптан Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Маданият комитетинин төрагасынын орун басары Сабит Барлыбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, маданий алмашуунун маанилүүлүгүн жана кыргыз кинематографисттеринин кесипкөйлүк деңгээлин баса белгиледи.
Иш-чарага Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын башчылары, кыргыз диаспорасы, ошондой эле Астананын жогорку окуу жайларында академиялык алмашуу программалары боюнча билим алып жаткан кыргызстандык студенттер катышты.
Ачылыш тасмасы катары режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» тасмасы көрсөтүлүп, ал толо зал менен өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты. Бул окуя Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды.
30-январда Кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында «Качкын» драмасын көрсөтүү пландалууда.